Menu

Аида Исмаилова: “Коронавирус илдетин жуктуруп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон берилет”

Бөлүшүү:

Коронавирус илдетин жуктуруп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон берилет. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда өкмөттө өткөн брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

“Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда медициналык жардам көрсөтүп же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда коронавирус илдетин жугузуп алган саламаттыкты сактоо уюмунун медициналык жана башка кызматкерлерине 200 миң сом өлчөмүндө акча төлөнөт. Экинчиден, өзгөчө кырдаал учурунда кесиптик парзын аткарууда коронавирус илдетин жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом акча төлөнөт. Кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда коронавирус илдетин жуктуруп алган жана анын кесепетинен каза тапкан медицина кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөө үчүн республикалык бюджеттен 50 миллион сом каражат бөлүнөт. Ошондой эле бул каражат жетпей калса кошумча каражат дагы каралат. Акчалай компенсацияларды төлөп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлөт. Мындан тышкары, медициналык жардам көрсөтүү учурунда коронавирус  илдетин жуктуруп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсү Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинде каралган зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөм алууга укуктуу”,- деди Исмаилова.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: