Menu

Марс Сариев, саясый серепчи: “Бабанов президент, Жээнбеков болсо кеңейтилген укуктары бар премьер болот”

Бөлүшүү:

Коомдук кырдаалга Марс мырза дайыма калыс, алдыны көрө билгендей божомол кылат. Эч бир саясый күчтөргө тартпастан, болгонун болгондой айтат. Ынанымдуу ой жүгүртөт. Бу саам да өлкөдөгү болуп аткан саясый кубулуштарга пикирин билдирди.

— Марс мырза, Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын ыдырашы канчалык деңгээлде мыйзам ченемдүү деп ойлойсуз?

— Бул күтүлүү нерсе болчу. Иса Өмүркулов мурун эле “Ата Мекен” каолициядан чыгып кетсин” деп айтпады беле? Бул жарака эмнеден башталды? Текебаев, Отунбаева баш болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияга өзгөртүү киргизилишин колдобой коюшту. Атамбаев муну ички, этикалык макулдашууну сактабагандык катары кабыл алып, 1-августта журналисттер менен жолугушкан учурда, андан соң 31-августтагы эгемендүүлүк күнүндө эмоцияга берилип, ачуу сөздөрдү айтты. Жарака ошондон кетти. Бирок, байкасаңар, Текебаевге болгон кысым андан мурун эле башталган. Себеби, оор салмактуу саясатчылардан Текебаев эле калды. Сариевге тендер боюнча ар кандай сөздөр жармашты, Феликс Куловдун потенциалы жок, Бекназаров да дискредитация болуп калган. Ошон үчүн президенттин командасы Текебаевге каршы тымызын чабуулду жазында эле баштаган. Муну Текебаев да сезип, Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы чыкты. Компроматтар согушу, бири-бирин шыбамай ырбады. Азыр бири-бирин жок кылмай жүрүп жатат, Акаевден бери келаткан элита бири-бирин жеп атышат. Атамбаев аша чаап кеткенин түшүнүп, тил табышууга аракет кылганы жөнүндө маалымат бар. Бирок, Текебаев муну саясый маневр гана экенин түшүнүп, катуу туруп алды. Ошондуктан, КСДП коалицияны таратууга аргасыз болду.

— Бийлик өзүнүн кээ бир жаңылыш кадамдары менен атаандаштарынын колуна жакшы көзүр берип койгон жокпу?

— Азыр Атамбаевдин башка айласы жок. Ал жок эле жерден Текебаевди өзүнүн чоң бир душманына айлантып алды. Буга чейин оппозиция деле жок болчу. Эми реалдуу оппозиция пайда болду. Атамбаев “эски элитаны өзүм менен кошо алып кетем” деп айтпады беле? Азыр карап көрсөңөр, ошондой эле болуп жатпайбы. Акаевден бери келаткан элита бири-бирин жеп түгөтүүдө. Атамбаев президенттиктен кеткени менен Текебаевдин да, эски элитадагы башка саясатчылардын да кадыр-баркы кетип, саясый талаа тазаланат. Бийликке өзүнүн карьералык өсүүсү үчүн Атамбаевге милдеттүү болгон Иса Өмүркулов, Канат Исаев, Сооронбай Жээнбеков сыяктуу экинчи эшелондогу саясатчылыр келе баштайт.

— Жаңы коалицияга кимдер кириши мүмкүн?

— КСДП, “Кыргызстан”, “Республика – Ата Журт”,  а балким, “Бир Бол” да өз ара сүйлөшүп, жаңы коалиция түзгөнгө аракет кылышат. Эгер “Бир Бол” кошулбаса туруксуз бир коалиция түзүлөт. Менимче, Өмүрбек Бабановго бийлик тарабынан жакшы бир сунуштар болгон. Ал президенттикке камданып жатат. Канат Исаев деле ошондой…

— Буга чейин деле коалиция көп жолу тарап келген. Бирок, өкмөт алмашканы эле болбосо, бул процесстин коомго көп деле терс таасири тийген эмес. Бул жолу кандай болот деп ойлойсуз?

— Бул АКШ, Россия өңдүү тышкы күчтөр кийлигишээрине, же кийлигишпесине байланыштуу болот. Кыргызстанды тышкы күчтөр диний, этникалык фактор менен туруксуздыштырууга аракет кылышкан. Бирок, андан майнап чыкпады. Регионалдык, түндүк-түштүк фактору деле анчалык натыйжа берген жок. Эми эки кочкордун башы бир казанда кайнабаганынан пайдалынып кетүүгө аракеттер болушу мүмкүн. Кытай активдүү кийлигишпейт. АКШ азырынча өзүнүн президенттик шайлоосу менен алек болуп жатат. Алар Орто Азиядагы жападан жалгыз демократиялык көрөңгөсү бар өлкө катары Кыргызстанды жоготуп алгылары келбейт. Өз тарабына бургулары келет. Бабанов бул жагынан АКШга да, Россия да ылайык келет. Себеби, ал олигарх, Россияда цемент заводу сыяктуу бизнеси бар. Батышка болсо миллиардерлер клубуна киргени менен ылайыктуу. Андыктан, кызыкчылыктар дал келип, АКШ да, Россия да Бабановго ставка жасап калышы толук ыктымал. Анан калса, эл дагы чарчады. “Жаш, өтө деле булгана элек” деген чечимге келишсе, Бабановдун шансы кескин жогорулайт.

— Бирок, Бабановдун акыркы сөздөрү коомчулук арасында бир беткей эмес реакцияны пайда кылууда. Жеке мага ал эптеп коалицияга кириш үчүн жанталашып жаткандай сезилет…

— Ал арканды өтө алыска таштап, алысты болжоп иш жасоодо. Кытайларда жакшы бир сөз бар го: “Эки жолборс кармашып жатканда акылдуу маймыл дөбөдө байкап отурат. Анан экөө алы кетип, суй жыгылышканда акырын түшүп келет” деген. Бабановдун стратегиясы да ушундай. “Качан булар бири-бирин жеп түгөтүшөт?” деп күтүп отурат. Анан калса, мен жогоруда айткандай, ал тышкы жана ички оюнчулар, региондогулар, айталы, Талас, түштүктүн, түндүктүн бир бөлүгү, бейөкмөт уюмдар үчүн Жээнбековго, Исаевге караганда кыйла артыгыраак сезилет. Батыштагылар деле “Бабанов мурда премьер болгон, реформатор чыгат”  деп андан кыргыз Саакашвилисин жасоого аракет кылышат. Албетте, окуянын мындай өңүттө өнүгүшү Атамбаевге анчалык жакпайт. Бирок, “сизге, сиздин жан-жөкөрлөрүңүзгө тийбейм” деген убадасын алып, макул болушу мүмкүн. Анда Бабанов президент, Жээнбеков болсо кеңейтилген укуктары бар премьер болот. Атамбаевдин командасы мурдагыдай эле кырдаалды көзөмөлдөй берет. Атамбаевдин кайсы бир жакка качуусуна да эч зарылчылык болбойт.

— Процесс ошого баратабы дейм да…

— Ооба.

Керим МУРАС

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: