Menu

Орусия мигранттарга өлкө аймагында убактылуу жашоого уруксат берген квотаны кескин азайтты

Бөлүшүү:

Орусиянын бийлиги чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга өлкө аймагында убактылуу жашоого уруксат берген квоталардын санын кыскартты. Өкмөттүн тиешелүү токтомуна күн мурун премьер-министр Михаил Мишустин кол койду.

Документке ылайык, кийинки жылы Орусия өлкө аймагында убактылуу жашап турууга укук берген 39 325 квотаны бөлүштүрөт, бул быйылкыга салыштырмалуу дээрлик 21 миңге аз. Квоталардын эң көбү Подмосковье, Москва жана Санкт-Петербургда берилет.

Азырынча квотанын азайтылышынын себептери айтыла элек. Бирок эксперттер менен улуттук диаспоралардын башчылары акыркы жылдары квота берүү орусиялык аткаминерлер үчүн дагы бир киреше булагы болуп калганын билдиришүүдө.

Пермь облусундагы Коомдук палатанын мүчөсү Рахматулло Мазориев бул квотаны алуудагы коррупцияга байланыштуу президент Владимир Путинге да арызданышканын айтты. «Менин билишимче, болжол менен чет өлкөлүктөрдүн 90% квотаны ортомчулар же улуттук диаспоралар аркылуу сатып алышат. Квоталардын кыскартылышы менен эми мигранттардын орус жарандыгын алууга болгон мүмкүнчүлүктөрү да азаят», — деди Мазориев.

Анын айтымында, квоталардын азайганын уккан мигранттардын көбү эми Орусияга «Чет өлкөлөрдөгү мекендештердин Орусияга көчүп келүүсүнө көмөктөшүү тууралуу» мамлекеттик программанын алкагында баруу ниеттерин билдире башташты. Алгач мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү орус тилдүү калкты гана өзүнө камтыган бул программа кийинчерээк жумушчу күчү тартыш болуп жаткан аймактарды эмгек ресурстары менен камсыз кылуу үчүн башка улуттарды да тарта баштаган.

Орусия жаңы жарандарды тартуу менен калкынын санын көбөйтүп, «демографиялык чуңкурдан» чыгууга аракет кылып келет. Ээлеген аянты боюнча дүйнөдө биринчи орунда туруп, ошол эле маалда калкынын саны болгону 140 миллион кишини түзөрүн эске алганда, бул өлкөнүн коопсуздугу үчүн коркунуч жаратат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: