Menu

Видео – Рыскелди Момбеков: “Кылмыш иши козголгон Нурбек Муканбетовду “КТ Мобайлга” гендиректор кылып дайындашкан”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-майда «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отуруму учурунда депутат Рыскелди Момбековдун суроосуна жооп берген Башкы прокуратуранын өкүлү буга чейин «Кыргызтелеком» компаниясынын жетекчилерине 8 кылмыш иши козголгонун тастыктады. «Парламент жыйынында мен ушул маселени көтөрсөм, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев сотко берем деп коркуткан болчу, мына эми тастыкталып отурат. 2007-жылы «Кыргызтелекомдун» кайсы бир имараты жайгашкан Бишкек шаарынын Скрябин көчөсү – 45 дарегинде жайгашкан 1,28 гектар жери Максим Бакиевге сатылган. Ал эми 2015-жылы «Кыргызтелекомдун» наркы 2 млрд сомдон ашуун жыштыгын «Нуртелеком» компаниясына 1 миӊ сомго сатылып кеткен. Анын башында да жанагы Шаршембиев мырза турган», – деди Рыскелди Момбеков.

Эсиңиздерге кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында «Кыргызтелеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамында депутаттар Жанарбек Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жеенчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов бар. Депутаттык комиссия бир айлык мөөнөттө өзүнүн иликтөө жыйынтыгын чыгарууга тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: