Menu

Кыргызстандын Миграция боюнча эл аралык уюм менен кызматташтык маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-октябрда Женева шаарында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Миграция боюнча эл аралык уюмдун Башкы директору Антонио Виторино менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде эл аралык миграция саясаты, эмгек миграциясы жана адам сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүнө тиешелүү артыкчылыктуу маселелерди талкуулашты.

Кыргызстан үчүн тышкы миграция маселелеринин маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун эске алуу менен, Министр Ч.Айдарбеков бул жаатында Кыргызстан менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилелди.  Бул контекстте КР ТИМ Башчысы эл аралык уюмдун өзүнүн өлкөдөгү мандатынын алкагында ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруудагы ишмердүүлүгүн оң белгиледи жана Миграция боюнча эл аралык уюмдун линиясы боюнча өз убагында көрсөтүлүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Министр Башкы директорго Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңештин болуп өткөн  биринчи жыйыны жөнүндө маалымат берди, анын негизги максаты мамлекет менен мекендештердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу болуп санлат.

Өз кезегинде Миграция боюнча эл аралык уюмдун Башкы директору өлкөдөгү миграциялык саясатты бекемдөө жана жакшыртуу маселелеринде Кыргызстандын аракеттерин белгиледи жана тараптардын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун түзүлгөн деңгээлин оң баалады.

 Тараптар өлкөнүн алдында турган милдеттерди чечүү жана өз учурунда таасирденүү максатында Кыргызстан менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун ортосундагы жигердүү жана жемиштүү кызматташууну улантууну макулдашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: