Menu

Эртеңкиңди бүгүн ойло, убакыттан уттуруп койбо…

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин келерки жылы мартта боло турган президенттик шайлоодо өзүнүн президенттик кызмат үчүн кайрадан ат салышууга чыга тургандыгын жарыя кылды… Бул көптөн бери күтүлүп жаткан жарыянын Кыргызстанга да түздөн-түз тиешеси бар. Анткени, бери эле болгондо жакынкы алты-жети жылда (РФдагы конституциялык соңку өзгөртүүлөргө байланыштуу, президент мындан ары алты жылга шайлана баштайт), биздин өлкөнүн эл аралык саясатында эч кандай күтүүсүз өзгөрүүлөр болбостугун каңкуулап турат.

Кыргыз эли, куру намысты ары кылып, ачуу чындыкты айта турган болсок, эбактан бери, — ​али эгемендиктин жаңы доору орной электе эле, — ​эки-үч кылымдан бери дүйнө геополитикасынын бир капшытын чоюп-ийлеп келе жаткан Орус империясынын этегин кармап алып, эптеп анын көлөкөсүндө күн көрүүнү улантып келе жатат… Бүгүнкү күндө деле дал ошондой саясат уланууда… Болгону жаңыча формада жана жаңыча өнүгө баштаган, өзгөргөн кырдаалдарда…

Бул эми тышкы саясаттагы маселе. Чынын айтканда, эл аралык аренада Кыргызстан саясий обьект гана боло алат. Эч качан өз таламдарын ачык талап кылып, өз алдынча субьектке айлана албайт. Бери эле болгондо — ​үстүбүздөгү кылымда, — ​дээрлик төрттөн бир чейреги зымырап колдон учуп кетип бара жаткан заманда… Ал эми азыркыдай, эч кандай стратегиясы жок, келечекти ойлонбогон өлкө саясаты өзгөрбөстөн улана берсе, — ​бери эле болгондо, дагы эки-үч кылымга чейин ушул абал сактала бериши толук ыктымал!..

Владимир Путин жаңы доорго өтүү учурунда, жедеп быркырап, талкаланып бара жаткан өлкөнү жарандык согуш отунан сууруп чыгып, башка региондорду мындай кой, Москва, Санкт-Петербург сыяктуу ири шаарларынын чокортосунда чаламандын чактүшүндө жасалып калган терракттардын коркунучунан куткарып, элге тынч жашоого үмүт гана тартуулап тим болбой, экономикасынын өнүгүүсүн жандантып, келечекке байланышкан ишеничти дагы орното алды.

Демек, Путиндин жеңиши алдын ала эле чечилген маселе жана формалдуу түрдөгү альтернативалуу тандоо мүмкүнчүлүгү берилгени менен, шайлоочулардын басымдуу бөлүгү азыркы президентти колдоп кетери алдын ала эле ачык көрүнүп турат. Ал эми президенттикке талапкерлердин ичинен эң эле олуттуусу — ​“Яблоко” партиясынын лидери Григорий Явлинскийдин өзү моюнга алгандай, анын туруктуу электораты 1 млн шайлоочу менен чектелсе да, ал өз позициясын жана көз караштарын эл алдында жарыя кылып коюу үчүн гана президенттик жарышка чыгып жаткандыгы түшүнүктүү. Соңку эсептөөлөргө ылайык, калкынын саны 148 млн.дон ашкан өлкө үчүн, 1 млн шайлоочу эч качан аба-ырайын, — ​жок дегенде убактылуу да, кыска өткүн сымал болуп! — ​өзгөртө албасы белгилүү, андан сырткары, Ксения Собчак сыяктуу “президенттикке талапкерлер” жөнүндө дегеле сөз кылбай, ооз ачпай койсок деле болот!..

Арийне, Россиядагы президенттик шайлоо жөнүндө, биздин өзүбүздүн өлкө кызыкчылыгынын келечек призмасы аркылуу карай турган болсок, сөз кылууга аргасыз болуудабыз. Кыскасы, жакынкы кылымдагы сырткы саясатыбыз “бекем стабилдүү” жана эч кандай татаал эсептөөлөрсүз, болжолдорсуз эле белгилүү деп ишене берсек болот. Ал эми ички саясатыбыздын абалы кандай болууда?

“Манастын арбагы урсун!” — ​деп “Ата-бейитте” ант берип жиберишкен “апрель революционерлеринин” бийлигинен кийинки кандай өзгөрүүлөр тууралуу сөз кыла алабыз? Дегеле, Акаев-Бакиев бийлигинен кийинки мезгилде кардиналдуу өзгөрүүлөр, кескин бурулуштар жасалдыбы? Мындай конкреттүү белгилерди тапмак турсун, сөз кылуу да кыйын. Себеби, андай “өзгөрүүлөр жана бурулуштар” көбүнчө сөз жүзүндө жана декларативдүү мүнөздө гана болуп келе жатат.

2010-жылдан берки мезгилде, Кыргызстан социалдык-экономикалык, чарбалык, өндүрүштүк өнүгүүдө күтүлгөндөй чоң “секирик” жасамак турсун, жөн гана байкаларлык “жандануу”, алдыга жылуу сыяктуу аракеттерди да жасай алган жок!..

Кечээ жакында Ямало-ненцкидеги газ өндүрүүчү жаңы ишканага старт берип жатып, Владимир Путин “Кийинки кылымда Россия Арктиканы өздөштүрүп байый баштайт!” деп жарыя кылды. Мына, алыскы келечекти максат кылуу, стратегиялык багытта ой-жүгүртө билүү деп ушуну айтсак болот.

«Богатство России будет прирастать Сибирью» — ​деп 1763-жылы Михайло Ломоносов айткандыгы белгилүү. Феодалдык, Орус княжестволорун жаңы гана бириктирип, өнөр-жайы жаңы гана өнүгө баштаган өлкөгө айлана баштаган чакта, өлкө пайдубалына эң алгачкы кыштарды — ​негиз койгондордун бири. Бул көрөгөч, гениалдуу стратегиялык-илимий-өндүрүштүк саясат канчалык турмушка жакындыгын кийинки он тогузунчу — ​жыйырма биринчи кылымдар айкын далилдеп салды.

Эми ошол стратегиялык байлыктын (айрым эсептөөлөр боюнча, жалпы планетанын байлыгынын жарымынан көп турган!) али чети да оюла элегинде, Владимир Путин Арктиканы тезирээк өздөштүрүп калууга ашыгууда. Бул дагы түшүнүктүү. Себеби, азыр жер планетасында эч ким ээлик кылбаган жана бош жаткан бир гана Арктика материги калды. Эл аралык конвенцияларга ылайык, анын кайсыл аймагын кайсыл өлкө биринчи болуп өздөштүрүүгө жетише алса, ал ошол өлкөгө таандык болуп кала берет. (Айга учуунун жана аны биринчи болуп өздөштүрүүнүн стратегиялык максаты дагы дал ушундай алыскы келечекке байланышкан).

Азыркы кезде, лүйнөлүк геосаясатта нефтиге байланыштуу, “эл аралык энерго-хап” деп аталган Сирия, Жакынкы Чыгыш аймактары үчүн ачык күрөш жүрүп жатса, ал эми Арктика аймагын ээлеп калуу үчүн тымызын атаандашуу, өткөн кылымдын соңку он жылдыгында эле башталган… Тээ 2000-жылдардын оро-парасында Россиянын “Курск” муз жаргыч кемеси сууга чөгүп кетип, катастрофага учураган. Дал ошондо, суу алдында туюкка камалып, “бизди сактап калгыла” деп улам-улам сигнал жиберип жатышкан жүз жаш жигитти Норвегиялык деңиз флот күчтөрү: “Биз сактап кала алабыз, уруксат бергиле?” — ​деп суранышканда, Сочиде яхтада эс алып жүргөн Владимир Путин “анда биздин согуштук сырларыбыз бар” деп, эч кимди жакын жолотпой, чөктүрүп жибергендиги маалым. Анткени, Арктика үчүн түндүк тараптан Россияга эң башкы атаандаштар болуп, дал ошол Скандинавия өлкөлөрү жана АКШ эсептелишет!..

Кечээ жакында Россиянын “Спутник” радиосу аркылуу демейде көмүскөдө көрүнбөй турган, бирок, өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы багытты аныктоодогу орчундуу ролу бар ишкер-саясатчылардын бири сүйлөп жатат. Анын маанисине кулак түрүп көрсөк, Россия Федерациясы эгемендүү, бирок али бутуна бекем тура албай келе жаткан Кыргызстан үчүн абдан чоң сезилген, арийне, Россия сыяктуу чоң державанын масштабында алганда, бир чакан райондун карызындай болгон сырткы карызын эмне үчүн берешен марттык кылуу менен, биротоло кечип салгандыгын түшүндүрүп турат.

“Артта калган Кыргызстанда, биздин түштүк чек араларыбызды коргоодон башка дагы кандай кызыкчылыктарыбыз бар?” — ​деген бир беткей суроого түз жооп бербей, жымсалдатып, атайылап толук маалыматты айтпай, жыландын башын гана, эки көзүн жылтырата көрсөтүп туруп, кайра чөнтөгүнө катып койбодубу: “Кыргызстан уранга бай, аны биз космосту өздөштүрүүдө колдонобуз, андан башка дагы сейрек кездешүүчү көп металлдар бар… Энергосектордо дагы көп пландарыбыз бар эле, алар азырынча ишке ашпай жатканын билесиздер…” — ​деп!..

Ошол эле учурда, Кыргызстандын жаш премьер-министри Сапар Исаков “Кумтөр” 2026-жылы ишин биротоло токтоторун, анын ордун басууга жара ала турган башка финансылык-экономикалык булакты азыртан баштап издей баштоо керектигин жар салды. “Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы!” демекчи, башка өнүккөн өлкөлөр тээ алыскы стратегиялык максаттарын, өнүгүп-баюуну андан да ашыра өркүндөтүүнүн жолдорун издеп жатышса, биз алиге чейин бюджеттин жыртык-тешигин бүтөө жөнүндө гана түйшүктөр менен алек болуп келе жатабыз.

Өлкө бюджетинин басымдуу бөлүгү “Кумтөр” аркылуу толукталып турары белгилүү. Башкача айтканда, биз жалгыз көздөй ишенген, Кудай өзү берген алтын кенибизден түшкөн кирешени күнүмдүк жашообуздун чыгымдарына сарптоо менен гана чектелүүдөбүз. “Кумтөр” токтогондон кийин (эми анын ачык жаткан жеңил жагын гана алып, тээ түпкүрүндөгү кенин “чыгымы көбөйөт” деген шылтоо менен калтырып, жаап салуу өзүнчө чоң сөз кыла турган маселе дечи!), андан тапканыбызды жөн гана жеп-жутуп олтуруп калбай, “Кумтөрдөн кийинки муундарга калган эстелик” деп, ар бир регионго бирден болбосо да, жок дегенде Ысык-Көлгө жана борборго эки чоң жана стратегиялык багыттагы киреше берүүчү ишкананы куруп алсак болбойт беле?!

Өлкөбүз бүгүнкү маселелерди гана эптеп чала-чарпыт чечүү менен чектеле бербей, эртеңки келечек жөнүндө алдын ала ойлоно баштаганыбызда гана өнүгө баштайт. Бул эң эле жөнөкөй чындыкты көп жетекчилер алиге чейин түшүнө да элек сыяктанат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: