Кечээ, 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусунун Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушуп, айылдагы бир катар орчундуу маселелер боюнча пикир алмашты. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.
Тагыраагы, элеттеги мектеп, жол, ирригация системасы, таза суу, жөлөк пул сыяктуу социалдык көйгөйлөр тууралуу cөз болду.
Элет тургундарынын демилгеси менен алгылыктуу иштердин жасалып жатканына токтолгон Төрага Дастанбек Жумабеков, Ак-Чийдеги тургундардын кайрылуусунун натыйжасында мамлекет тарабынан атайын акча бөлүнүп курулушу башталган мектеп, 2018-жылы бүткөрүлөрүн белгиледи.
Андан тышкары, жолугушууда жергиликтүү кеңештин депутаттары төө буурчак маселеси да курч болуп жатканын айтышып, эгин талаасын суугарууда да дыйкандар көп тоскоолдуктарга дуушар болгондугун маалымдашты. Ошондой эле, мал чарбасында ветеринардык кызматты жакшыртуу, асыл тукумдуу малды көбөйтүү боюнча бир катар сунуштарын беришти.
Дастанбек Жумабеков аталган маселелерди өз көзөмөлүнө аларын билдирип, көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөрүн кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ