Бойдокчулук менен коштошуу кезеги «Нон-Стоп» дуэтинин мурунку солисти, ырчы Максат Садырбековго келген өңдүү. Себеби ал 31-январда Айсулуу Молдалиеванын туулган күнүндө сүйүктүүсүнө тизе бүгүп, чыгармачылыктагы досторунун жана жакындарынын курчоосунда сүйүү сөздөрүн арнап, баш кошуу тууралуу сунушун киргизди. Түгөйлөр сүйүү мамилесин курган учурда Максат Садырбеков 17, Айсулуу Молдалиева 15 жашта болгон. 9 жылда көптөгөн сыноолордон өткөн жаштар жакынкы күндөрү үйлөнүү-үлпөт тоюн өткөрүшөт.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ