Ысык-Көл облусунун аймагында «Нелегал-2017» операциясынын жүрүшүндө КР ИИМдин мыйзамсыз баңгизаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө баңги кылмыштарын ашкерлөө боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Натыйжада, 5-июнь күнү аталган кызматынын кызматкерлери тарабынан Каракол шаарында Жалал-Абад облусунун 42-жаштагы Е. Викторду, күбөөлөрдүн катышуусунда өздүк кароодон өткөрүү мезгилинде, анын жанынан 2 пластмасс бөтөлкөлөрүнө салынган, өсүмдүктөн жасалган баңгизаты табылып алынды. Контролдук өлчөөдө алынган гашиш баңгизатынын салмагы 930 граммды түздү.
Кармалган адамдын айтымында, алынган баңгизатын өткөн жылы күзүндө даярдап, жашыруун жерге катып койгон. Эми болсо, Ысык-Көл облусуна катып койгон баңгизатын кайрадан алып кеткенге келгени боюнча милиция кызматкерлерине көрсөтмө берүүдө.
Азыркы учурда, баңгизаты менен кармалган адам Каракол ШИИБнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, анын кыймыл-аракетине юридикалык баа берилүүдө. Алынган биңгизаты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ