Январь айына карата карапайым калктын электр энергиясына болгон төлөм баалары эки эсеге дейре көтөрүлүп, ашыкча жазылып келгени кандай? Бийликтин калктын жонунан кайыш тилүүгө болгон мындай кас саясатына ачууланган миңдеген бишкектик тургундар электр энергиясын алып-сатуу түйүндөрүнө барышса, тармак өкүлдөрү техникалык жаңылыштыкка шылташканы кайсы акылга сыят? Өкмөт мамлекеттик казынадагы эбегейсиз боштукту электр төлөмдөрүн ашыкча жазуу менен толтурууну көздөгөнү ачыкталабы? Макул, бир-экөөнү жаңылыштык кылышсын, оң миндеген абоненттерди бир убакта жаңылыштык кылуу мүмкүн эмес да, туурабы? Ушул күндөрү төлөмдөргө ашыкча кошулуп жазылып келе жаткан баа нарктарына Нарын аймагы баштаган өлкөбүздүн бардык аймактарындагы тургундар кыжырданышууда. Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев мындай шартта башын ийинге катып, бул жааттагы бийликтин абийирсиз саясатына жооп алууга барышкан журналисттерге орун басарларын чыгарып, өзү качып жатканы кандай? 2010-жылдын жаз мезгилинде да эл электр энергиясына болгон төлөмдөргө каршы катуу туруп, бийликти аласалдырышты эле. Бул жолу да бүгүнкүлөр электр төлөмдөрүнө ашыкча төлөм кошуп, калктын кыжырына тийүү менен бирди көргөнү калыштыбы? Дал ушул Айбек Калиев ошол мезгилде да Максим Бакиевдин жанында тарифтерди кымбаттатуунун башында турганы жалган беле? Бул эргулдун ишине тезинен баа берилбесе, абал чатагына айланат. Президентке бул боюнча туура маалымат жетпей жатабы?
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ