Menu

Өзбекстанда Айтматовдун “Делбирим” повести боюнча кино тартыла баштады

Бөлүшүү:

Азыр тасма тартуу Өзбекстандын Наманган облусунун Нанай жана Гова айылдарында жүрүп жатканын “Дан” продюсердик борборунун жетекчиси Паризат Жакыпбекова  билдирди.

Тасма Намангандан кийин Ысык-Көл менен Ташкент облусунда да тартылат.

Фильмди Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору Өзбекстандын “Узбеккино” улуттук агенттиги менен бирге Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” (“Кызыл жоолук жалжалым”) повестинин негизинде тартып жатат. Көркөм фильмде башкы каармандар Ильяс менен Байтемирдин ролуна өзбекстандык актерлер Адиз Ражапов менен Улукбек Кадыров, Асел менен Кадичанын ролуна кыргызстандык актрисалар Мадина Талипбек жана Элина Абай кызы тандалган.

Фильм Ташкентте, Наманганда, Фергана өрөөнү менен Ташкенттин ортосундагы ашууда жана Кыргызстандын Балыкчы шаарында тартылат. Тасма тартуучулардын айтымында, чыгарманын мазмуну ошол бойдон калат, бирок кино бүгүнкү заманда болуп жаткандай сүрөттөлөт.

Фильмдин сценарийин жазуучу жана драматург Керез Зарлыкова жазган, ал эми режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов. Тасманын бет ачары быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө – 12-декабрда болоору мерчемделүүдө.

Эки тараптуу кызматташтыкты кыргызстандыктар сунуш кылып, “Делбиримди” тартуу демилгесин өзбек тарап көтөргөн. Кыргыз актерлоруна өнөр акыны “Дан” продюсердик борбору, өзбек актерлоруна “Узбеккино” төлөйт. Андан тышкары, тасмага өзбек президенти да колдоо көрсөтүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: