Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешине Кыргызстандын Кореядагы Элчисинин жана Тышкы иштер министрлигинин билдирүүлөрүндө айтылган кырдаалды изилдөө боюнча тапшырма берди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин билдирүүлөрүндө жана Элчини бир катар себептер менен, анын ичинде ал тараптан кеткен катачылыктарга байланыштуу кызматынан бошотуу тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сунушунда келтирилген фактыларды терең талдоону тапшырды.

Элчинин, кийинчерээк ТИМдин билдирүүлөрүнөн кийин түзүлгөн кырдаал дипломатиялык кызматта гана эмес, жалпы эле мамлекеттик кызматтын тутумунда бир катар маселелерди аныктагандыктан, Президент Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынан ар бир фактыны жана жүйөөнү обьективдүү талдап чыгып, бул ишке тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартууну талап кылды. Текшерүүнүн жыйынтыктары жана сунуштар Мамлекет башчысына берилет

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: