Menu

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: Чыныгы коррупционерлердин айылында апаат башталды

Бөлүшүү:

– Каныбек агай, Атамбаев менен Түлеевдин селфисинен кийин “саясый селфилер Кыргызстандын саясатында акылга сыйбаган көрүнүш”деген да пикирлер айтыла баштаптыр. Буга не дейсиз?

– Таза саясатты принципке катуу турган гана инсандар аткара алышат. Алардын эмнени көздөп алектенгенин эл даана көрүп-билип турушу абзел. Ошондо гана ага ишеним артат. Ал сөзүндө турган саясатчы дейт дагы анын артынан ээрчип, колуна-кол, бутуна-бут болот. Кечээ эле оозго алгыс сөздөр менен акыйлашып жүрүп, күмөндүү перспектива үчүн бири-бирине көрүнөө эле жагалданышы алардын элдин алдында олуттуу мамлекеттик деңгээлдеги же тарыхый ишмер боло албай калгандарын көрсөтүп турат! Бул уят эле иш болду.

– Айрым маалыматтарга таянсак, Илмияновго козголгон кылмыш ишинде Сооронбай Жээнбековдун аты айтыла баштады. Бул жагдай эмнени каңкуулайт?

– Менимче чоң провокация болуп жатат окшойт! Бул саясый авантюра! Президент Сооронбай Жээнбековдун системалык коррупцияга каршы күрөшү чечкиндүү фазасына жакындап келе жатат! Чыныгы коррупционерлердин айылында апаат башталды. Негизги теманы президентке буруу аракетин жан талашып жасап жатышат. Тергөөнүн адилет болушун каалар элем. Тергөөчүлөр өлкөнүн тагдыры менен ойнобошу керек. Адилет болушса, анык кылмышкерлер ачыкка чыгаар эле. Калганын эл өзү ылгап алат!

– Коомчулукта Атамбаевден КСДПны тартып алуу же КСДПдан Атамбаевди кууп чыгуу боюнча Сагынбек Абдырахмановдун демилгеси колдоого алына баштады. “КСДП Атамбаевсиз”деген ураан ишке ашышы мумкүнбү?

– Процесс өзү абдан кызыктуу! Партия эволюциялык жолунун бир этабына кирип бара жатат. Пикирлердин кармашы болуп жатат. Бул жакшы иш. КСДПда бардык иштер кокустуктан эле болуп келген, ар дайым.

– Сиздин болжолуңузда Атамбаевди кандай тагдыр күтүшү мүмкүн?

– Анын тагдыры оор эле болот! Элге көп зыяны тийип калды! Элдин убалы жаман!

– Каныбек агай, жок жерден караланганыңызга мурунку президенттин да тиешеси бар деп ойлойсузбу?

– Мени анын түзгөн системасы каралады.

– Эмне үчүн Кыргызстанда атаандашын же коомчулукту дүрбөлөңгө сала турган маалыматтарды көп билген адамдарды каралап, сындырып, жок жерден кылмыш ишин ачууга аракет кылышат?

– Ооба, дал ошондой. Бул эл үчүн коркунучтуу илдет. СССРдин доорундагы кайгылуу – 1930-1940 жж. репрессиялар ушул биздин Кыргызстанда жанданып кеткенине өтө кабатырмын. Эми илгери идея үчун куугунтуктар болуп келсе, азыр өздөрү жасаган коррупциялык кылмыштарын жашыруу үчүн ачык позицияда болгондорду жазалоо иштери күч алгандай! Бирок, эл башкача болуп калыптыр. Сөзсүз бөгөт коюп, каршылык кыла алат!!!

– Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаев кетирген катачылыктарды кайталабайт деп ишенсек болббу?

– Ишеним адамдын эң ыйык сапаты! Андан айрылган эл өзүнүн келечегин жоготот. Президентке ишенип турат, эл азырынча. Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин катачылыгын кайталагандан Кудай сактасын! Эң башкысы “тигил менин душманым, анын түбүнө жетем”- десе эле элдин шору бар экен деш керек. Анткени, жаратылыштын айныгыс мыйзамы бар: “Аракетке ар айым каршы аракет жашайт!”- деген. Түз жерден, анын ичинен салмактуу инсандарды өзүнө каршы коюп, душман күтүү – бул акылсыздыктын жеткен чеги! Күчтүү лидерлер ар дайым элдин күчтүү өкүлдөрүн пайдаланып, жакшы ийгиликтерге жетишип келишкен. Тарыхтан өзүлөрүнүн татыктуу ордун таба алышкан.

Булак: «Майдан»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: