Centerra Gold Inc компаниясы Кыргыз Өкмөтү менен 2017 жылдын 11-сентябрынан тарта каралган айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу боюнча мөөнөтүн кезектеги жолу узартканы жөнүндө маалымдады.
Компаниянын билдирүүсүнө караганда, макулдашуунун шарттарын аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 31-январына чейин узартылды.
Эске салсак, башында “Кумтөр” кени боюнча макулдашуунун шарттарын аткаруу мөөнөтү 2018-жылдын 20-апрелинде аяктамак, бирок ал бир нече жолу узартылган, акыркы мөөнөт- 2018-жылдын 2-ноябры болчу.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ