Menu

Коомдук ишмер Олжобай Токтосунов: Кыргызстан профсоюздар Федерациясы мокок уюм

Бөлүшүү:

–  Бизди, 1997 жылдын аягында Данияда  практика өтөп калдым, ошол жердин профсоюздук комитеттердин шумдук ишмердүүлүгүн көрдүм. Ал жердин профсоюздары журналисттердин укугун коргоп, 3 күндүн ичинде кайрылган тараптын маселесин чечип, айлыктарын көтөрүп социалдык пакетин көтөрүп койду. Демек алардын ал жерде күчү бар экен. Ал эми биздин, Кыргызстан профсоюздар Федерациясы ошол Даниядагы профсоюздардай иштей албайт. Анын эки себиби бар.

Биринчиден, профсоюз учурда абдан уюму мокок, анткени  иш берүүчүлөр менен да, мамлекет менен дагы Кыргызстан профсоюздар Федерациясы жакшы иштебейт. Экинчиден, элдин профсоюздарга ишеними жок, көп маселени сотко жеткирбей эле чечсе болот, бирок аларды эл билбейт, анткени профсоюздар эл менен начар иштейт. Мамлекеттин убактысы жетпеген, же карабаган маселелерди профсоюз карап, ошол боштукту профсоюздар чечиш керек, мисалы жеке сектордо, өндүрүштө, чарбада, кыскасы баардык жерде профсоюз элдин таламын талашып туруш керек эле. Кыскасы, элдин коргоочусу болуш керек, бирок азыр андай эмес.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: