Menu

Москва районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды

Бөлүшүү:

2020-жылдын 7-июль күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Садовое айылынын жашоочусу Б.Ю. арыз менен кайрылып, сарайынан белгисиз адамдар
3 баш бодо малын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 100 миң сомду түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Москва районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, кароо жүргүзүү учурунда окуя болгон жерден автоунаанын дөңгөлөгүнүн издери калган. Анын негизинде автоунаанын үлгүсү такталып, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип, 55 жаштагы М.С. жана 63 жаштагы К.М. аттуу жарандар кармалышып, уурдалган малдар табылып, ээсине кайтарылып беилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери аяктап иш сотко жөнөтүлгөн.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: