“Биз кыргыз парламентин партиялык шайлоо менен эмес, элге кайтарып берүү жагын убада кылабыз. Депутатты партия эмес, ар бир айыл өзү тандай турган деңгээлге жеткиришибиз керек. Партиялык шайлоо деген системаны биз жоюшубуз керек. Биз ушул программа менен барабыз, мындайча айтканда бийликтин булагы эл экенин көрсөтүп, элге кайтарып беришибиз керек. Эл укугун элге кайтарышыбыз керек”, – деп билдирди 19-августта “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын съездинде партиянын лидери Адахан Мадумаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ