Menu

Орусия Сладкое көлүнүн Казакстанга берилгенин четке кагууда

Бөлүшүү:

Орусия туристтердин арасында популярдуу болгон Сладкое көлүнүн Казакстанга берилгенин четке какты. Новосибирск облусунун мыйзам чыгаруу жыйыны көлдү берүү тууралуу маалыматтар «болбогон сөз» экенин билдирди.

«Көлдүн бир бөлүгү биздики. Ал чек арада бөлүнгөн бойдон турат. Өлкө аймагынын бир бөлүгүн башка бирөөнү берип коюуга болмок беле?» – деп билдирди облустун мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орун басары Андрей Панферов.

Казакстан менен Орусиянын чек арасы аталган көл аркылуу өтөт. Би-Би-Си билдиргендей, көлдүн айланасындагы түшүнбөстүктөр Орусиянын Купинск райондук администрациясынын билдирүүсүнөн кийин пайда болгон. Анда акимчиликтин сайтында «Сладкое көлү эми Казакстанда!» деген билдирүү жарыяланып, жергиликтүү тургундар менен туристтерди чек ара режимин бузбоого үндөшкөн.

Андрей Панферов Купинск райондук акимчилигинин сайтындагы (кийин өчүрүлгөн) билдирүү жаңылыш болгонун айтты.

Казакстандын Орусиядагы элчилиги да чек ара маселеси каралбаганын ырастады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: