Дүйнөлүк сулуулар сынагына аттанган Сусанна сынактын жыйынтыгн жарыялап, биринчи вице мисс титулун жеңгендигин шардана кылган эле. Кийинчерээк сынактын айланасында талкуу жаралып, Сусанна Кыргызстандын атынан эмес, Армениянын атынан чыгып, жеңишке жетишкен деген кептер айтылды. Себеби Армениянын атынан жеңишке жетишүү жеңилирээк болмок. Айрымдар тескерисинче 8 орунга араң илиниптир дегендер болду. Бирок Сусанна бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын намысын коргогондугун жана так маалымат далили менен сынактын официалдуу сайтына жарыяланаарын баса белгилеп келе жатат.
«Маалыматтар жарыяланганда өзүңөр кубө болосуңар, ошондо мен силердин жүзүңөргө карайм, эмне болот экенсиңер» деген маанидеги билдирүүсүн соцтармактардагы өзүнө болгон сөздөргө карата айткан.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ