Menu

Келиндин өлүмү, зар какшаган кайнене жана камырабаган Элчиева

Бөлүшүү:

Тээ алыскы Баткендин Лейлек району менен Бишкектин аралыгы миң чакырымдан ашык жол. Тажикстан менен чектешип, өлкөнүн эң четинде жайгашкан бул районго барып, элдин көйгөйү менен арыз-муңун уккан бийлик адамдары жокко эсе. Жергиликтүү эл өз арбайын өзү согуп, мамлекеттин көзүн карабай тиричилигин өткөрүп келет. Биздин редакцияга Роза Калдарова деген эжеке келип, лейлектиктердин арызын Ак үй менен Көк үй укпай жатканын айтып, ымандай сырын төгүп, кат таштап кетти. Анын айтымында Лейлек районунун Кулунду аймактык ооруканасынын башчысы Айжамал Элчиева деген айым өз билгенин жасап, Ак үйдөгү “крышасына” таянып, кол алдына ишин билбеген кадрларды топтоп алгандыктан, акыркы учурда ооруканада өлүм көбөйүп, жергиликтүү тургундар нааразылык билдирип жатыптыр. Анткен менен Элчиеванын үстүнөн канча деген арыз жазылып, канчалаган текшерүүлөр болсо да аны эч ким ордунан козгой албаганы кызык экен. Эмесе маселенин чоо жайы менен Роза Калдарованын катынан окуп, таанышыңыздар.

– Мен Кулунду аймактык ооруканасынын башчысы Айжамал Элчиеванын кылык-жоруктары тууралуу айтайын дедим эле. Лейлектиктердин үнү өйдө жактагыларга жетип, эл менен эсептешпеген Элчиевага бир чара көрүлөт деген үмүттөмүн. Эмесе сөз башынан болсун.

Кулунду аймактык ооруканасына Лейлек районунун жарым калкы карайт. А.Элчиева келгенден бери өзгөрүүлөр күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Жакшы иштеп, эмгеги элге сиңген мээрбандарды иштен кетирет. «Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса» деп, оорукананын башкы бухгалтери Надыров Жеңиш, “тендерщик” Кудайбердиев Акбар үчөө биригип алып, керектүү нерселерди каалагандай сатып алып, аны документте өз баасынан бир канча жогору көрсөтүп, ортодо пайда көрүп келишет. Оорукана мындан бир канча жыл мурда суу маселесинен кыйналып, Оштон атайын адамдар келип, суу чыкчу скважина куруп берген. Суу ал жерде кеңири иштетилип, бак-дарактар сугарылып турган. Ошол скважинанын трубаларын А.Элчиева чыгарып, Исфанадагы үйүнө алып кеткен. Кийин Жаңы-Жер айыл округундагы Достук ооруканасына оформление жасатып койгон. Азыр оорукана суудан кыйналып, каналдан суу алышат. Жакында эле суу тарттырыш үчүн бузук, иштебеген мотор сатып алышыптыр. 5-6 күн жумушчулар бузук моторду оңдойбуз деп, оңдой албай коюшту. Эски моторду 71 миң сомго оформление жасаптыр. Ал моторду базардан 2-3 миң сомго эле сатып алса керек.

Элчиеванын жакын таанышы Кудайбердиев Акбар бир канча жылдан бери оорукананын чарбалык жагын тейлейт. Ооруканага этти азыркы убакта 350 сомдон алат. Базарда бир жылдан бери эт 280 сомдон ашкан жок. Сүттү 50 сомдон, (базарда 30 сом) картошканы 15 сомдон (базарда 8-9 сом) алышат. Кыскасы алган нерселеринин баасына олчойто кошуп жазып, өздөрүнүн чөнтөгүн кампайтышат.

Буга дагы бир мисал, А.Элчиева өнөктөштөрү А.Кудайбердиев жана Ж.Насыров үчөө биригип, тендердин эсебинен деп электрогенератор алып келишкен. Өз баасы 15-16 миң сом турат, аны 78 миң сомго оформление жасашкан.

Бул маселе боюнча мурдагы премьер-министр Темир Сариевге кат жазганмын. Анан райондон келишип, текшерип кетишкен. Бирок, андан эч кандай натыйжа болгон жок.

Мындан сырткары аталган ооруканада бала сатуу фактысы катталып, иш сотко жетпей жабылып калган. Тактап айтсам, Ж.Т. деген келин Кулунду аймактык ооруканасында төрөп, баласын таштап кеткен. Аны Г. аттуу өзбек улутундагы келин багып алат. Кийин бул туурасында эл ичинде сөз тараганда, тиги коркуп кетип, наристени түнкү саат 2-3төр чамасында оорукананын “Тез жардам” пунктуна таштап кетет. Аны ошол жерде иштеген медайым таап алат. Эгер ал көрбөй, наристе каза болуп калса эмне болот эле? Кийин бул иш боюнча бир врач менен бир медайым жумуштан кетти. Элчиева ордунда эч нерсе болбогондой отурат. Бул фактыны Кулунду аймактык милициясы териштирип, ишти районго өткөрүп берген. Андан кийин кулак-мурун кескендей тынчып кетти.

Мындан сырткары эң көйгөйлүү маселе –  бул адам өлүмү. Жана башында айтып кеткендей, Элчиева тегерегине өз ишин билбеген кадрларды топтоп алгандыктан жылына 2-3 келин төрөттөн каза болот. Мисалы 2015-жылдын декабрында эле эки келин дарыгерлердин шалаакы мамилесинен каза болду. Алардын бирөөсү 1990 жылы туулган Бектемирова Гулмира, 3 баланын энеси. Азыр артында балдары жетим калып, жакындары зар какшап отурушат. Ал эми Элчиева эч нерсе болбогондой, камырабай иштеп жүрөт. Жок дегенде моралдык жоопкерчиликти сезип, жумушун тапшырып берсе болот эле да. Эл арасында ага нааразычылык күч.

Каза болгон Гүлмиранын кайненеси Умсунай Алданованын каты

Менин келиним Бектемирова Гулмира 1990-жылы туулган, 2 уулу, 1 кызы бар. Ошол үчүнчү кызын 21-декабрда төрөгөн, 23-декабрда төрөт үйүнөн жакшы деп чыгарып беришкен. Жакшы, кыйналбай төрөгөн, Кудайга шүгүр. 9 күн үйдө жакшы эле жатып, 30-декабрь күнү башы катуу ооруп, Тажикстандын Гофуров шаарчасындагы ооруканага алып бардык. Келинимди реанимацияга жаткырып, 6 күн дегенде бардык жагын текшерип, маткада калып калган калдыктарды тазалап, доктурлар мага бир пакет кылып көрсөттү. Кулунду аймактын ооруканасындагы врачтар тазалабай койгон экен.

Келиним Кудайыма шүгүр, ушул убакка чейин бир да ооруган эмес. 2 уулун жакшы төрөп, жакшы тарбиялап, турмуш-тиричилиги жакшы эле. Келинимдин ошол күнү доктурга барганда температурасы көтөрүлүп, башы катуу ооруп турган. Гофуровдогу дарыгерлер келинимдин дартына түздөн-түз Кулунду аймактык ооруканасынын доктурлары күнөлүү деп айтты.

Бизге келинимди ким кайтарып берет? 3 баласы жетим калды. Биз ушул күндөрү ыйлап, боздоп, 3 баланы карап күнүнө Кудайдан өмүрүн тилеп отурабыз. Ким кылган болсо Кудай жазасын берсин. 3 баланын убалы урсун.

Мен ушул катты ыйлап, боздоп отуруп жаздым.

Мына ушундай окурман. Бизге катты алып келген Роза Калдарованын айтымында Кулунду аймактын ооруканасынын башчысы Айжамал Элчиеваны Ак үйдө отурган бир үлкөн чиновник калкалайт экен. Ошондуктан текшерип баргандардын тили Айжамал айымга өтпөй жатыптыр. Бирок, канткен менен акыйкат деген бар да. Бул маселени тиешелүү органдар териштирип, кимдин кадры экенине карабай өз баасын берет деген үмүттөбүз.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: