Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери болжол менен 3 миллион сомго бааланган дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз алып келүү фактыны аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери “А.Э.И” ЖЧКнын аймагындагы терминалда Mercedes-Benz Actros үлгүсүндөгү транспорт каражатына бажылык тыкыр кароо жүргүзүшкөн.
Жүк бөлүгүн текшерүү учурунда, коңшу мамлекеттен ташылып келинген, жалпы салмагы 129,5 кг болгон 2274 таңгактагы регапен (Regapen 300 мг) табылды, деп айтылат билдирүүдө.
Чогулган материалдар тиешелүү орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ