Menu

Жарандык коом 25-марттагы митингдин катышуучуларына милиция ашкере күч колдонгонуна байланыштуу Жогорку Кеңешти Омбудсмендин бул окуя боюнча отчетун угууга чакырат

Бөлүшүү:

2017-жылдын 25-мартында, Бишкек шаарында экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги болуп өттү. Массалык маалымат каражаттарынын репортаждарынан көрүнүп тургандай, Садыр Жапаров УКМКнын абагына камалгандан кийин митингичилер да Максим Горький скверинен УКМКнын имаратынын алдына көчүшүп, ошол жерде милиция менен кагылышкан. Нааразычылык акциясына чыккандар милиция тарапка пластикалык бөтөлкөлөрдү ыргытышып, желектер кадалган таяктар менен тап беришет,  ыкчам орнотулуучу тосмолорду бузуп, алып ташташкан. Аялдар кыйкырып, ызы-чуу салышкан. Аларга жооп кылып милиция айрым митингичилерди тандап кармоону жүргүзгөн. Формасыз эле жарандык кийим менен жүргөн белгисиз адамдар элдин арасынан айрым жарандарды кармап, сууруп чыгып, милициянын белгиси жок машиналарга күч менен тыгып, белгисиз жака алып кетип турушту.  Сабалган жаш балдардын ыйы жана онтоолору тартылган видеотасмалар коомчулуктун үрөйүн учурду. Ал жаш балдар Садыр Жапаровдун уулдары жана инилери деген маалымат социалдык түйүндөрдө кеңири тарап жатат. Ал эми бир жаш аялды кыйкырып койгонуна эле өчөшүп, качканына карабай кууп жүрүшуп кармашты. Көптөгөн видеокадрларда милиция качып бараткан адамдардын артынан кууп жетип тандап, кармап жатышканы тартылып калган. Биринчи май райондук милициясында кармалгандардын үстүнө Кыйноолор боюнча улуттук борбордун өкүлдөрүн киргизбей коюшкан. Маалымат жыйынында КР ИИМдин өкүлдөрү кармалгандардын саны боюнча улам ар башка сандарды айтып, адашып жаткандыгы жарыяланган маалыматтардын так экендигинен шек туудурат. 26-мартта белгилүү болгондой милиция дагы деле кармалгандарга Кыйноолор боюнча улуттук борбордун өкүлдөрүн, атүгүл адвокаттарды киргизбей жатат.

Жарандык коом 25-марттагы митингдин катышуучуларына милиция ашкере күч колдонгонуна байланыштуу Жогорку Кеңешти Омбудсмендин бул окуя боюнча отчетун угууга чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: