Menu

Бүбүсара Рыскулова, «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси: «Беш маал намаз окуп, кылмыш жасап аткандар көбөйдү»

Бөлүшүү:

Зомбулуктар кайталанат. Кайрадан кайталанат. Бирок, зөөкүрлөр же зомбулук жасагандар көпчүлүк убакта суудан кургак чыгып кетишет. Мисалы, зомбулук көрсөткөн кылмышкер колунда бар адам болсо, аныкы туура эмес болсо да суудан кургак чыгып кетишет. Бул маселе тууралуу «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова эжеге айрым суроолор менен кайрылдык.

– Бүгүн интернетти ача салсаң эле сайттарда төбө чачты тик тургузган окуялар тууралуу айтылат. Көпчүлүгү зомбулукка кабылган аялдар жана балдар тууралуу. Жогоруда сиз токтолуп кеттиңиз. Жабырлануучунуку канчалык туура болуп турса да, көпчүлүк учурда сот иштери кылмышкер адам тарабына тартып, анын иштери оң чечилет экен. Мунун ичинде динди тутунган адамдар да көп экени белгилүү болууда…

– Сот тарабынан туура эмес чечимдер көп чыгып калат. «Баары эле дин адамдары»деп айтууга болбойт. Кээ бир динди жамынган адамдар бар. «Мен кылмыш жасабайм, мен беш маал намаз окуйм» деп динге жамынып, кылмыш жасап жаткандар көбөйдү. Анан аларды колдоп автобус менен айылдын жарымы көчүп келип күбө болуп берет. «Айылда мындан өткөн ыймандуу адам жок» деп көрсөтмө беришет. Ак жеңбей кара жеңип, өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, жабырлануучу адилеттикке жетпей калган учурлар абдан арбын.

– Бир кездери массалык маалымат каражаттарына достору менен бирге өз аялына зомбулук көрсөткөн адам тууралуу чыгып, сот иштерине сиздер да аралашып жүрдүңүздөр. Бул иштин акыры эмне болду?

– Өз аялын досторуна зордуктатып, зомбулук көрсөткөн адам акыры акталып кетти. Жубайы улам бир сотко кайрылды. Ал соттор зомбулук көрсөткөн күйөөсүн актай берди. Акыры аялы акыйкаттыкка жетпестигин түшүндү. Балдар дагы чоңойо баштады. Буга окшогон окуялар абдан көбөйүп кетти. Бизге кайрылган аялдар эң соңку, такыр эле жарабай калган учурда келишет. Көгала болуп же бир жери сынып гана келбестен, психологиялык жактан да болуп көрбөгөндөй жабыркап кайрылышат. Мамлекет бул жаатта алгылыктуу иш алып барса деген тилектебиз.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: