Menu

Жаңы шайланган судьялар Жогорку сотто ант беришти

Бөлүшүү:

Кечээ, 2016-жылдын 9-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьяларынын ант берүү аземи болуп өттү.

Ант берүү аземин салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева ачып, жаңы дайындалган судьяларды өзүнүн жана Жогорку соттун атынан куттуктап, судьялык татаал жана жоопкерчиликтүү иштерине ийгиликтерди каалады.

Судьялардын жаңы курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын катышуусунда ант беришти.

Жергиликтүү соттордун жаңы шайланган судьялары:

Жеңишбек уулу Жолдошбек, Сейдакмат кызы Назира Нарын облусунун Нарын шаардык сотуна судья болуп дайындалышты;

Калдыбаев Руслан Джаныбекович, Мамбеталиев Эркинбек Болотбекович Нарын облусунун Нарын райондук сотуна судья болуп дайындалышты;

Жунусов Сапарбек Токонович Нарын облусунун Кочкор райондук сотуна судья болуп дайындалды;

Кермалиев Нурмухамбет Байысбекович, Турсункулов Бообек Шамалбекович Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотуна судья болуп дайындалышты;

Ахунов Токтогул Букарбекович, Ташматов Узак Таалайбекович, Эсенгулова Асел Токтакуновна Талас облусунун Кара-Буура райондук сотуна судья болуп дайындалышты;

Айдаралиева Венера Калмуратовна, Шатманов Дуйшенкул Жээнбекович Талас облусунун Манасрайондук сотуна судья болуп дайындалышты;

Абылкасымова Гулнара Абдымыктаровна, Калматов Ниязбек Курманбекович Талас облусунун Талас райондук сотуна судья болуп дайындалышты;

Турусбеков Акылбек Джусупбекович Талас облусунун Талас шаардык сотуна судья болуп дайындалды;

Шаршенбиева Айнура Турарбековна Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотуна судья болуп дайындалды;

Токтобаев Айбек Болотович Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна судья болуп дайындалды;

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 4-ноябрында «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: