Menu

Раим Матраимовдун кызматына кайра келишине өкмөт каршы

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раим Матраимовду кызматына кайра коюу боюнча чечим күчүндө калганына байланыштуу анын кайрадан кызматына кайтып келүүгө толук укугу бар экендигин анын жактоочусу Татьяна Карыжинская билдирди. Бул тууралуу Вечерний Бишкек сайты жазып чыкты.

“Мага Раим кайрылганда, анын максаты жумуштан алуу мыйзамсыз болгондугун далилдөө болчу. Ал сотко өзүнүн кадыр-баркын жана беделин калыбына келтирүү үчүн кайрылган. Ал 20 жыл бул кызматта иштеди. Жөнөкөй инспектордон тарта бажы кызматынын орун басарына чейин көтөрүлдү. Айта кетчү нерсе, буга чейин ага карата бир дагы айып тагуу болгон эмес. Бул жерден анын аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдиришибиз керек. Кокустан эле, аны эч кандай жүйөөсүз жумуштан алып салышты” – деди Т. Карыжинская.

Ошондой эле, жактоочу мыйзамда эч ким жүйөөсүз иштен алына албайт деген негиз бар экендигин айтып, Р. Матраимов аны иштен алуу алдын ала пландалганын айтып жаткандыгын кошумчалаган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык сот Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басарын кайра кызматына алып келүү боюнча чечимди күчүндө калтырган. Бирок, мындай жыйынтыкка өкмөт макул болбой, аны апелляцияга берүү чечимин кабыл алган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: