Menu

Кубан Асанбеков, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын директорунун орун басары: “Бишкек-Москва каттамы боюнча билеттин баасы 55%га арзандайт”

Бөлүшүү:

— Кубан мырза, соңку мезгилде “Бишкек II” темир жол бекетинде билеттерди сатып алуу жана андагы ортомчулар боюнча бир катар сын-пикирлер айтылган эле. Бул багытта темир жолдун жетекчилиги тарабынан иш-аракеттер жеткиликтүү жүрүп жатабы?

— Акыркы мезгилде борбордук “Бишкек II” темир жол бекетинен билеттерди сатып алуу жана андагы ортомчулар боюнча сөз болгон эле. Бул багытта “Кыргыз темир жолу” улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги маселени карап чыгып, өзүнүн чечимин кабыл алды. Темир жол бекетиндеги ортомчуларды жоюу максатында ал жерде системалуу маалыматтык кызмат көргөзүлүп жатат жана анда вагондордогу бош орундуктар, жол жүрүү билеттеринин баалары, жүргүнчүлөргө берилүүчү жеңилдиктер боюнча толук маалыматтар берилип турат. Бул үчүн темир жол бекетинин ичине эки монитор жана сыртында жүгүртмө сап өтүп туруучу монитор орнотулду. Жүргүнчүлөр баардык маалыматтар менен ошол мониторлор аркылуу таанышып турушат. Мындан тышкары, мобилдик байланыш түйүнү үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгат. Жүргүнчүлөр алдын ала эле орундуктарды тандап, билеттерди сатып алууга шарт түзүлөт.

— Анда ортомчулар маселеси өзүнөн-өзү чечиле коёбу ошондо?

— Ооба, биздин негизги максатыбыз ошол. Буюрса “Бишкек II” темир жол бекетинде ортомчулар жоюлат. Эч кандай ортомчусу жок эле “Бишкек II” темир жол бекетине келип, кассадан билет алып кетсе болот. Жүргүнчүлөргө айта кетейин, ал жерде билет сунуш кылган ортомчуларга ишенбей, мониторлор аркылуу маалыматтар менен таанышып, анан кассадан билет сатып алышса. Ортомчулар аларга арзан билет сунуш кылып, алдап, Казакстан, Россиянын аймагында жолго таштап койгон учурлар кездешип жатпайбы. Мына ошондой жагдайларды жоюу максатында биз ушундай чечимдерди кабыл алдык.

Билет сатып алууда жеңилдиктер берилет деген маалыматтар бар. Ушул багытта да айта кетсеңиз?

— Бишкектен Москва, Казань жана Новокузнецк багыты боюнча каттаган жүргүнчүлөр үчүн жагымдуу кабарыбыз бар. Эгерде жүргүнчү жол жүрүү билеттерин 45 күндөн 41 күнгө чейин алдын ала сатып алса 55 % жеңилдик берилет. Ал эми 40 күндөн 9 күнгө чейин алдын ала сатып алса 45% жеңилдетилген баа менен алат. Бул купе вагондоруна болгон жеңилдиктер. Дал ушундай эле жеңилдиктер плацкарт вагондоруна да каралган. Билет бааларын мындан да арзандатуу максатында “Кыргыз темир жолу” улуттук компания” мамлекеттик ишканасы учурда “Россия темир жолу” жана “Казак темир жолу” ишканалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: “Азия ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: