Menu

Өмүрбек Бабанов Кыргызстандыктарды жаңы жыл менен куттуктап, “Жакында көрүшкөнчө!” деп табышмактата коштошту

Бөлүшүү:

Бозгунда жүргөн бизнесмен Өмүрбек Бабанов Facebook баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды кирип келаткан жаңы жыл менен куттуктап, “Жакында көрүшкөнчө!” деп табышмактата коштошту. Кыязы жакында Кыргызстанга келерин кыйыта айтып жаткандай ой жаратты:

“Урматтуу Кыргызстандыктарым,
Кымбаттуу жердештерим!
Келе жаткан Жаңы жылыбыз менен чын дилимден куттуктайм! Эң бийик пландар жаңы дем менен ишке ашсын!
Өтүп бара жаткан 2018 жыл өзгөчө жыл катары эсимде калат. Бул жыл адамдардын эң мыкты сапаттарын көрүүгө жол ачты. Мекендештеримдин чыныгы колдоосун социалдык тармактарда да, ар кайсы шаарларда болгон жолугушуулардан да көрө алдым. Айланамдагылардын туруктуулугун көрдүм, аны менен жакын деп эсептеген адамдарымдын да саны өстү.
Көрөгөч элибиз биздин алдыбызга койгон бардык талаптары, максаттары жана тилектери ушул жылы сөзсүз орундалсын!
Жаңы жыл кут болсун!
Жакында көрүшкөнчө!” – деп жазат Бабанов. Бирок ага карата эки кылмыш иши ачылып, ошо себептен келалбай жүргөндүктөн, жакында келе турган болсо ал бийлик менен тил табышып алып келеби же Атамбаевдин “согушуна” кошулууга келеби азырынча белгисиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: