Кечээ, 29-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун көчмө отуруму шаардык №1-ооруканада коррупцияга шектелген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусовду 2019-жылдын 4-февралына чейин абакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу КРдин Жогорку сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Адамкул Жунусов ден-соолугуна байланыштуу шаардык №1-ооруканага жаткырылган.
Эскерте кетсек, Адамкул Жунусов 28-декабрда Бакудан Бишкекке алып келинген. Ага июль айынын башында КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, АКШга качып кеткен эле. Бирок, ноябрда аны Нью-Йорктон Азербайжандын Баку шаарындагы эл аралык Гейдар Алиев аэропортуна учуп келгенде интерполдун издөөсү боюнча кармашкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ