Menu

Камактагы Аида Салянованын оорусу өтүшүп кетип, өлүп калса ким жооп берет?

Бөлүшүү:

№1 СИЗОдо жаткан Аида Салянованын ден соолугу күндөн-күнгө начарлап баратканын, өпкөсү, жүрөгү ооруп атканын жактоочусу кабарлаган.

Ооруканага жатып, дыкат дарыланууга барбаса, акыры өлүп калуу коркунучу бар экени да айтылууда. Аида айымдын абалы мынчалык оорлошуп бараткан соң, тийешелүү органдар текшерүү жүргүзүшүп, гумандуулук жолго барышса болбойбу? Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине күнөөлүү башка чиновниктер эркиндикте журүшкөнү, камакта болсо катардагы дарыгерлер менен Салянованын кармалышы калыстыкпы? Ооруга чалдыкканына карабай, 4 жашар кызын чыркыратып коюп камап салышканы кайсы логикага сыят? Албетте, эгер күнөөлүү болсо, мыйзам алдында жооп бериш керек. Бирок, азырынча тергөө иштери бүткөнчө Салянованы башка айыптуулардай эле үй камагында кармап турса гумандуулук болмок да. Ысыктын күнүндө СИЗОдон оорусу өтүшүп кетип, кокус өлүп калса ким жооп берет?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: