Menu

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү азыркы абал боюнча маалымат менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-сентябрда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Министр Бактыгүл Жеенбаева мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү азыркы абал боюнча маалымат берди.

Атап айтканда, Президент республикалык бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүн аткаруунун жүрүшү, салыктык кирешелердин түшүүсү, сот-укуктук реформаны, ипотекалык насыялоону, райондук маанидеги жолдорду, социалдык турак жай объектилерин курууну, күз-кыш мезгилине даярдык иш-чараларын каржылоо, жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын жогорулатуу жана аймактарды өнүктүрүү боюнча маалымат алды.

2019-жылдын август айынын жыйынтыктары боюнча бажы жана салык жыйымдарын чогултуу боюнча оң динамика байкалып жатканы, бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу камсыздалганы белгиленди. Бажы процедураларын автоматташтыруу жана салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

Министр белгилегендей, райондук борборлордун жана шаарлардын жолдорун капиталдык оңдоп-түзөөнү убагында бүтүрүү, автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү куруу жана реконструкция боюнча чаралар көрүлүп жатат — бардыгы болуп узундугу 139,8 км. Жол куруу иштерин жүргүзүүгө 790,4 млн сом каражат керектелди, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 600 млн сом акча каражаты бөлүндү.

Президент Сооронбай Жээнбеков экономикалык өнүгүүнүн сапаттуу өндүрүш инфраструктурасын түзүү үчүн таза суу менен камсыз кылуу, ирригацияны өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик программаларды каржылоо өзгөчө мааниге ээ экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүн толугу менен аткаруу, адилеттүү жана көз карандысыз сот системасын курууга багытталган сот-укуктук реформаны камсыздоо боюнча жумуштарды өз убагында каржылоонун маанисин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: