Депутат Дастан Бекешев люстрация комиссиясынын түзүлүшүнө каршы. Ал өзүнүн Telegram каналында мунун себебин түшүндүрүп берди.
Эл өкүлүнүн айтымында, анын таптакыр пайдасы деле жок. «Мамлекеттик кызматка адамдарды тандап алуунун критерийлерин иштеп чыгуу керек. Бирок кандайдыр бир комиссия түзүүнүн кажети жок. Болбосо, ал кайрадан паракорчулукка айланат. Сотторду тандоо кеңешин түзүп жатканда бизде мындай тажрыйба болгон», – деп билдирди Дастан Бекешев.
Белгилей кетүүчү нерсе, айрым саясатчылар, ошондой эле жарандык активисттер биринчи кезекте люстрация жүргүзүүнү талап кылышкан. Атап айтканда, судьяларды жана мамлекеттик министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерин дайындоодо.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ