Menu

Улут жана укук маселесин референдум жолу менен чечели

Бөлүшүү:

 

Кыргызстан элине, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, саясый партияларга, коомдук уюмдарга

 КАЙРЫЛУУ

Биз улуттун өнүгүү стратегиясын ишке ашырыш үчүн улуттук идеологияны, коомду жана мамлекетти өнүктүрүүнүн концепциясын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы муундагы долбоорун сунуштайбыз. Конституциянын долбоору кыргыз элинин улуттук идеологиясына негизделген, социалдык акыйкаттыкка багытталган жана анда бийликтин жоопкерчилиги көрсөтүлгөн.

Биздин бул ишибиз саясый атаандаштыкты күчөтүп, коомдун реформа жолу менен өнүгүшүнө шарт түзөт. Саясый атаандаштык бул коомдун өнүгүшү боюнча идеологиялык көз караштардын, ага негизделген партиялардын саясый платформаларынын эл алдындагы ачык-айкын атаандаштыгы болот. Бир эле көз карашты таңуулаган саясый өзүм билемдикке жол бербеш керек. Коомдун талабына жооп бербеген Конституцияны кызмат абалынан пайдаланып, элге таңуулагандар коомчулук алдында жооп бериши керек.

КРнын азыркы Конституциясы мамлекеттин идеологиялык документ катары коомдун талабына жооп бербейт. Ал либералдык идеологиянын негизинде түзүлүп, элдин кызыкчылыгын коргобогондугун турмуш далилдеп койду. Коомдун кызыкчылыгы жеке адамдыкына караганда төмөн коюлуп калган. Мамлекеттик менчик жана бийлик маселелери аз гана адамдардын кызыкчылыгына иштеп калды.

2010-жылы кабыл алынган КР Конституциясы декларативдүү мүнөзгө ээ жана анын айрым нормалары менен жоболору бири-бирине карама-каршы келет. КР мамлекеттик бийлик органдары Конституциянын гаранты катары анын бир бүтүн сакталашын, коопсуздугун камсыз кыла албайт.

Бүгүнкү күндө кыргыз коому жана мамлекети терең социалдык-экономикалык, саясый-укуктук жана руханий-маданий кризисти башынан кечирип жатат. Өлкөдөгү саясый-экономикалык туруксуздук, чабал партиялык түзүлүшкө негизделген «кыргыз парламентаризми» деген атка ээ болгон мамлекеттик бийликтин алсыздыгын далилдеп койду.

2010-жылы пайда болгон башкаруу системасы саясый коррупциянын өнүгүшүнө түздөн-түз себеп болду. Кыргызстанда саясый жана системалык коррупция улам жаңы тепкичке көтөрүлүп келе жатат. Партиялык тизме аркылуу бериле турган депутаттык мандаттар акчага сатылып, буга социалдык-экономикалык тармактар партиялардын карамагына мыйзамсыз өтүп кеткендиги далил болот. Үй-бүлөлүк кландык система партиялык-вотчиналык система менен алмашып, партиянын диктатурасы орноду. Айрым саясый партиялар мамлекеттик бийликти узурпациялап алды.

Мамлекеттик бийлик коомдук көзөмөлдөн четтеп кеткендиктен, башкаруу системасында чиновниктик бюрократиялык зомбулук орноп, коррупциялык система калыптанып, мамлекеттик бийлик органдарынын коомчулук алдындагы жоопкерчилиги акыркы жыйырма беш жылдан бери чечилбей жатат. Бийлик коомго кызмат кылбай эле, чиновниктерге баюунун, мамлекеттик чиндерди, наамдарды мыйзамсыз жолдор менен алуунун мүмкүнчүлүгүн түзүп койду.

Мамлекеттүүлүктү бекемдөө саясый-укуктук системаны өнүктүрүүдөн башталат. Ушул багытта чечкиндүү реформа болбой жатат. Азыркы саясый система эгемендик, эл бийлиги принциптерин жокко чыгарып, олигархтардын бийлигин орнотту. Кыргызстанда парламенттик республиканы куруунун проблемалары чечилбеген бойдон калууда. Саясый система коомдогу өзүнүн негизги функциясын аткара албай  жатат.

Мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү өткөзгөн баардык конституциялык реформалар бир гана маселени чечүүгө багытталган. Тагыраак айтканда, алар мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү менен башкаруу формасын аныктоо гана болгон. Бул – саясатчылардын бийлик үчүн гана күрөшү.

Азыркы конституциялык реформа боюнча бийликтин сунушу да ушул багытта болууда. Ошол себептен 2016-жылдын 29-июлунда КР Жогорку Кеңешинин айрым депутаттары тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна биз каршыбыз.

Себеби, бул долбоордо мамлекеттик бийликтин конструкциясы өзгөргөн жок, коррупциялашкан бюрократиялык башкаруу системасына бөгөт коюлган эмес, сот бийлиги президентке, парламентке толук көз каранды болуп калган. Мамлекеттик бийликке коомдук көзөмөл киргизүү, алардын укуктук-саясый жоопкерчилигин күчөтүү маселеси чечилген эмес. Мамлекеттик бийликти көзөмөлдөө укугуна ээ болгон Элдик курултай институту кабыл алынган жок.

Конституциялык түзүлүштүн негизи принциби болгон Кыргызстан элинин  эгемендигин жана бийлигин саясый-укуктук механизмдер аркылуу орнотууну сунуш кылуунун ордуна, жаңы долбоордун авторлору «Улуу дөөлөттөр» деп атаган чакырыктарды киргизди. Аларды ишке ашыруу жолдору көрсөтүлгөн эмес жана авторлор аларды көрсөтө да албайт, себеби мыйзам чыгаруунун жолу бузулуп, укуктук ченемдер жоголгон. Долбоордо партия жетекчисинин чексиз бийлиги орноп, алардын саясый жоопкерчилиги каралбай калган. Саясый, мүлктүк чектөөлөрдүн негизинде түзүлүп, элдин ишениминен кеткен шайлоо системасы өзгөргөн жок.

Мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн “паспорттогу инсандын улуту коомдо ажырым пайда кылууда” деген сөзү, улуттардын аброюна шек келтирип жана жарандардын укугун чектөөдө. Бул маселе баардыгыбызга тиешелүү болгондуктан, конституциялык укуктарыбыз бузулуп, улуттук кызыкчылыгыбыз эске алынбагандыктан, улут жана укук маселесин жалпы элдик талкууга коюп, референдум жолу менен чечүүнү зарыл катары эсептейбиз.

Ошол себептерден улам конституциялык укугубуздан пайдаланып, коомчулукка кайрылылып, конституциялык реформага активдүү катышууну чечтик.

  Биздин максат – кыргыз коомунун өткөндөгү тарыхый жолун, дүйнөлүк коомчулуктун мыкты тажрыйбаларын жана коомдун, жарандардын кызыкчылыктарын коргогон укуктук реформаны жүргүзүү менен демократиялык конституциялык түзүлүштү калыптандыруу.

Кыргыз элинин тарыхый тажрыйбасын, менталитетин эсепке алган жана улуттун коопсуздугун камсыз кыла турган, азыркы турмуштун талаптарына жооп берген, жалпы коомчулуктун кызыкчылыгына төп келген, улуттук идеологияга негизделген, социалдык акыйкаттыкка багытталган жана бийликтин жоопкерчилигин көрсөткөн жаны муундагы Конституциянын долбоорун жалпы элдик талкууга коебуз. Конституциялык реформаны ишке ашыруу менен демократиялык саясый режим орнотуп, өлкө жетекчилигинин жана мамлекеттик бийлик органдарынын элдин жана мыйзамдын алдындагы укуктук-саясый жоопкерчилигин күчөтүү, мамлекеттик  бийликке коомдук көзөмөл киргизүү жана саясый элитага карата люстрациялоо чараларын жүргүзүү зарыл.

Биз өзүбүздүн жалпы үмүт-тилектерибизди, кызыкчылыктарыбызды жана келечегибизди баамдап, коомдун көйгөйлөрүн чечүүгө, конституциялык реформаны элдин кызыкчылыгына карата өткөрүүгө баардык жарандарды, прогрессивдүү, мекенчил күчтөрдү, саясый партияларды, коомдук уюмдарды, бийлик өкүлдөрүн, инсандарды, биз менен бирге ак ниет жаратман сөзгө жана ишке чакырабыз.

“Улуттук конгресс” коомдук-саясый кыймылынын теңтөрагалары

Бекбосун Бөрүбашов, Шамшыбек Медетбеков

Булак: “Азия Ньюс”

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: