Жалал-Абадда депутаттардын шаардык кеңешинин 39-сессиясы болуп, шаар депутаттары үстүбүздөгү чакырылыштын акыркы жыйынына чогулушту жана шаар турмушуна керектүү бир катар маселелерди карашты.
Депутаттар шаар бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү киргизишип, шаар мэриясынын сунушу менен Капиталдык курулуш департаментин түзүү тууралуу чечим кабыл алышты. Бул чечимди кабыл алууга акыркы жылдары шаарда курулуш иштеринин көлөмү артып, курулуш иштери менен атайын адистиги жок кишилер иштеп жатканы себеп болгон. Эми кийинки жыл башынан шаарда жаңы муниципалдык мекеме иштеп, курулуш тармагындагы иш-чаралар толугу менен иретке салынмакчы.
Мындан башка да бир катар маанилүү деп эсептелген маселелер каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды. Ал эми шаар мэри Салайдин Авазов, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Аламан Адиев ушул чакырылыштагы шаар депутаттарынын ишин оң баалап, аларга ийгилик каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ