Menu

Видео – Депутат: Тажиктер кыргыз чек арасына кирип, бекет куруп башташты, Лейлекти анклав кылганы жатышат

Бөлүшүү:

“Бүгүн, 14-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында 275 метр кыргыз жерин тажиктер талаш жер деп келип, 10 машина шагыл түшүрүп, бекет куруп башташты. Эгер ушул 275 метр жерге тажик бекети курулуп калса Лейлек району Баткен облусунан бөлүнүп, анклав болуп калат”, – деп билдирди бүгүн, 14-сентябрда Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин депутаты Шайырбек Орозалиев.
“Бул жер өзү эзелтеден эле кыргыздын жери, бирок тажиктер муну талаш жер деп бизден талашып келе жатышат. Анткени ошол жерди тажиктер ээлесе эле Лейлек району анклав болуп, жол жок өтө албай Тажикстанга көз каранды болуп калабыз. Бул окуяны кабарлаш үчүн губернаторго чалсак телефону өчүк, акимди эптеп таптык. Азыр кыргыз бийлиги тезинен чара көрбөсө ал жерди тажиктер ээлеп алганы турат”, – деди депутат Орозалиев жана аны коштоп жүргөн кесиптеши.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео Айбек Бусурманкуловдуку

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: