Menu

Өзбекстан коронавируска каршы күрөшкө төрт айда $4,8 млрд коротту

Бөлүшүү:

Өзбекстан коронавируска жана экономикалык каатчылыкка каршы күрөшүү үчүн төрт айдын ичинде (марттан июнга чейин) 49,3 триллион сум (4,8 миллиард доллар) коротту. Бул тууралуу өлкөнүн каржы министри Тимур Ишметов парламенттин Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Антикризистик фонд коронавируска каршы күрөшкө 5,3 триллион сум ($516 млн. ашык) бөлгөн.

Ишкерлер менен ишканаларга берилген салык жана бажы жеңилдиктери 1,6 триллион сумду (155 миллион доллар) түздү.

Ишкерлерди колдоо үчүн коммерциялык банктарга 15,7 триллион сум (1,5 миллиард доллар) бөлүнүп, 24,5 триллион сум (2,3 миллиард доллар) насыя берилген.

Ошол эле маалда 2020-жылдын I кварталында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 58,2 триллион сумду (5,6 миллиард доллар) түзгөн. Министрдин айтымында, бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,5 триллион сумга (730 милллион доллар) көп.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: