Menu

Атамекенчи Тилек Токтогазиев БШКнын алдында мөөнөтсүз митинг баштады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-августтун кечинде “Ата-Мекен” партиясынын тизмесинде талапкер катары шайлоого бараткан күнөсканачы Тилек Токтагазиев БШКнын алдына келип, Бишкектин Административдик сотунун “Кыргызстан” партиясы боюнча чечимине каршы мөөнөтсүз митинг баштаганын жарыялады.

Эсиңиздерге сала кетсек, 24-августта “Кыргызстан” партиясы шайлоого карата документтерин БШКга кечки саат 18:03дө алып келди деп чыр чыккан. Андан сырткары документтерди партиянын БШКдан каттоодон өткөн расмий өкүлү эмес, жат киши алып келип тапшырган.

25-августта БШК “Кыргызстан” саясый партиясынын документтерин артка кайтарып берүү боюнча чечим кабыл алган.

Ошол эле күнү “Кыргызстан” саясый партиясы БШКнын чечимин жокко чыгаруу боюнча арыз менен сотко кайрылган.

27-августта Бишкектин Административдик соту “Кыргызстан” саясый партиясынын арызын карап, БШКнын “Кыргызстан” партиясы документтерин кеч жана талапка ылайык тапшырбагандыгы үчүн  шайлоодон четтеттүү жөнүндөгү чечимин жокко чыгарды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: