КСДПдан депутат Төрөбай Зулпукаров Ноокат районундагы кадр саясатын өзү тейлеп, акимден баштап көчө шыпыргычка чейин көзөмөл кылары айтылып келет. Аталган аймактагы жергиликтүү кадрлардын баары Зулпукаровдун кареги менен тең айланарын жашырып болобу? Напсини тыюу кыйын белем, айтор, учурда бу каарманыбыз күч органдарын да бийлеп, ИИМдин «семеркасына» чейин өз кишисин коюп, саясатчыларды көзөмөлдөтүп, катуу кеткени ыраспы? Андан башка да тармактарга кадрларын чапташтырып келгенин коллегалары эле саймедирешүүдө. «Серый кардиналга» айланганын далилдеп атканы ушубу? Элдин көзү, сөзү жаман эле, Төрөбай мырза арыдан бери болуп, тизгинин тарта жүрсө деген гана кеңеш айтмакчыбыз. Кечээги «Серый кардинал» Икрам Илмиянов айда азыр? Түрмөдө отурат! Таба эмес, тобоо. Илмияновго караганда идиреги бар Зулпукаров акыл пештеп, туура жолду тандай турганына ишене туралы азырынча.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ