Menu

Өкүл бала Момуналиевдин өпкөсү үзүлөбү?

Бөлүшүү:

КР Өкмөтүнүн аппаратынын экс-жетекчиси Нурханбек Момуналиев да УКМКнын укуругуна илинип, сурак бергени белгилүү болду. Момуналиев кызматынан алынганда эле “Бишкек ТЭЦтин оңдоп-түздөө жумуштарына коррупциялык жол менен аралашкандыгы үчүн алыныптыр” деген имиш тараган болчу. Бирок, “карга карганын көзүн чокубайт” дегендей, кыргыз бийлиги аны атайын берене менен кетирбей “өз каалоосу менен” дедиртип буйрук чыгарышкан. Анткени Н. Момуналиев экинчи аялын алганда Алмаз Атамбаевди өкүл ата кыла коюп, өзүнө чоң “крыша” таап алганы айтылып жүрөт. Ошондон бери ага эч ким даай албай келаткан. Жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция боюнча 8-февралда өткөргөн Коопсуздук кеңешиндеги “коорупциянын башында силер өзүңөр олтурасыңар!” деген сөзүнөн кийин Н. Момуналиевди коргоп калуу мүмкүн болбой калды окшойт.

Себеби Бишкек ТЭЦин 2017-2018-жылдагы кышкы сезонго оңдоп, даярдоо үчүн “Электр станциялары” ишканасынын фиктивдүү түрдө өткөргөн тендеринин жеңүүчүсү болуп, бюджеттен ал иштерге ири суммадагы акча алып, аны жеп салган “АйМар Энержи” фирмасы КР Өкмөтүнүн вице-премьер-министр рангасындагы аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевге караштуу болуп чыкты.

Булак: Жаны Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: