Menu

Каныбек Осмоналиев, профессор: “Президент, премьер-министр, спикер кайда? Өз милдеттерин аткарбай житип кетишкендиктери- элди сатканга тете!”

Бөлүшүү:

– Каныбек агай, Кыргызстан элдик бийликти кабыл алышы керекпи? 

– Өлкө кайрадан укуксуздук талаасына түшүп калды! Буга мурдагылардай болуп эле азыркы президент күнөөлүү. Анткени, ал коркоктук кылып, жашынып жүрөт же качып кетти. Демек, ага эл менен мамлекет бир тыйын экен да. Эр болсо, элдин алдына чыгып: “Мына, мен алдыңарда турам. Баарына даярмын”, – деш керек болчу. Эми төрагасы баш болуп парламент дагы житип жок болуп кетти. Мактанып, ач айкырык салган өкмөттөн дайын жок. Бул кылыктары алардын өз элине жана мамлекетине болгон кыянатчылыгы. Укуктук талааны вакуум кылып тентип кетишти! Анан эл өзү бийликти алат да! Бирок анархияны күчөтүп жатышат. Азыр жаштар демилгени колдоруна алышты. Мунун аягы кандай болот? Кой -ай, тур десең эч ким укпай турган заман болду! Колдон келген акыл-насаатгарды айтып жатам. Башка эмне кыла алам?

-Асылбек Жээнбеков айткандай Сооронбай Жээнбеков легитимдүү укуктарын колдонушу керекпи? Же алардын аракети кеч болуп калдыбы?

– Сооронбай Жээнбеков эл менен калып, укуктук талааны камсыздап, анан кетсе болмок. Эл эмне жеп коймок беле? Эми башка жакка барып алып ач айкырык, куу сүрөөн кылгандыктары алардын суу жүрөк, коркок экендиктерин билдирип койду. Президенттин өз укуктарын колдонуп, эл менен жолугуусуна ким жолтоо болду. 5 саат күтүп турушту го? Эми айып өзүндө. Эл катуу сурап алат. Тарыхта өтө эле жаман ат менен кала турган болду. Аттиң гана дейсиң да!

– Айрымдар абал көзөмөлдөн чыгып кетсе, жарандык согушту чыгарууга кызыкдарлардын тилеги ишке ашып кетиши мүмкүн деген кооптонууларын айтышууда. Буга не дейсиз?

– Абал өтө эле кооптуу болуп турат. Жарандык согуштун бетин ары кылсын. Бирок бул сөздү айтып коюп эле тынч отургандын өзү дагы кылмыш. Мен ден соолук жок ооруканада жатам. Президент, төрага. премьер-министр эмне кылып жүрүшөт. Кечээ эле короздой болуп кыйкырып жатышпады беле? Өз милдеттерин аткарбай житип кеткендиктери булардын элди сатып кеткендиктери катары баалап коюубуз шарт. Кийин жооп беришет. Ал эми башсыз калган эл, айрыкча жаштар ар кандай кадамдарга барып коюулары мүмкүн. Ошондуктан партиялардын башчылары тез биригишип, макулдашуу чараларын көрүүлөрү зарыл. Сырткы күчтөр учурдан пайдаланып жатышат.

– Мындан ары жеңилген партиялар эле чуу чыгарып, бийликти басып апууну адатка айлантып алса, мамлекеттин келечегине кедергисин тийгизип калбайбы?

– Келечекке кедергисин тийгизгендиктери ушул да! Дагы кандай болушу мүмкүн? 2005-жылдан бери эле ушул кокуй көрүнүш. Партлидер болумуштардын көпчүлүгү эгоист экендиктеринин белгиси. Бийликти биротоло кол жоолук кылып алышты. Биринчи кезекте эл ошолорду жазалоосу керек болуп калды. Тарыхта мындай учурлар көп эле болуп келген.

– Мен лидер дегендин баары эле укуктук талаага кайтуу тууралуу айтып жатышат го?

– Укуктук талаага кайтууга милдеттүүбүз. Ансыз талаа командирлери башкарган бандиттик коомго айланабыз. Көп саясатчы болумуштар ушундай анархияны каалап турушат!

– Ошондо кандай жол менен укуктук талаага кайтабыз?

– Жогорку Кеңеш өзүнүн чукул отурумун уюштуруп, Конституцияга ылайык, төрагасы 2 айга президенттин милдетин аткара алат. Ал киши өтпөсө, премьер-министр дайындалат. Анан президенттик шайлоо белгиленип, анын мөөнөтү тастыкталат. Мыйзам боюнча ушундай!

Айкөкүл Мырзабекова

Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: