Menu

Түркмөнстанда банкоматтарга кезекке турган кишилер жол тосушту

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын түштүгүндөгү Мары шаарында 12-августта банкоматтарда кезекке турган жүздөгөн кишилер борбордук көчөнү тосуп, жарым саат полиция кызматкерлерине каршылыш көрсөтүштү. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Алар «Сенагат» жанан «Дайхан» банктары накталай акча алуу үчүн шаарга келген айылдыктарды тейлөөдөн баш тартканына нааразы болушту.

Маалыматтарга караганда, 12-август күнү түштө «Сенагат» менен «Дайхан» банкынын өкүлдөрү шаардык каттоосу бар кишилер гана банктоматтардын кызматынан пайдалана алышарын эскертишкен. Мындан соң айылдардан келген жүздөгөн кишилер борбордук көчөнү тосушуп, нааразылык билдиришкен.

Окуя болгон жерге келген ондой полиция кызматкери менен нааразы болгон кишилердин ортосунда уруш чыккан. Жарым сааттан кийин кошумча күч келип, жаңжалды токтоткон. Полициячыларга кол көтөргөн бир нече кишини ички иштер бөлүмдөрүнө алып кетишкен.

Полиция кызматкерлери чогулгандарга банктарда акча жок калганын, жол тосуудан пайда жок экенин, каршылык көрсөткөндөргө кылмыш иши козголорун айтышкан.

13-август күнү таң эрте банктардын алдында полиция кызматкерлери турушту. Шаардык каттоосу бар кардарларга гана талон берилгендиктен, кезек күткөндөр мурдагы күнгө салыштырмалуу аз болду.

Түркмөнстанда айлык, пенсия, жөлөк пул жана стипендия пластик карталарга которулат. Банкоматтарда накталай акча тартыш болгондуктан, кезекке туруу көндүм көрүнүшкө айланган.

В Туркменистане зарплаты бюджетников, пенсии, стипендии, пособия и другие государственные выплаты осуществляются через платёжные карты местных банков. Но из-за невозможности использовать эти карты, называемые в народе «пластиковыми», для покупок на рынках и в большинстве магазинов, огромные очереди из желающих снять наличность стала обычной картиной в стране, где кроме дефицита продовольствия остро стоит проблема нехватки наличности.

Из-за обостряющегося кризиса с нехваткой наличности и неработающими банкоматами люди из этрапов и сёл приезжают в города и сутками ждут своей очереди к банкоматам. Они привозят с собой коврики, термосы и еду, зная заранее, что придётся ждать несколько суток.

В апреле этого года в Мары уже вспыхивали стихийные протесты. 3 апреля несколько десятков жителей из пригородных посёлков массово вышли протестовать против дефицита продовольствия и тогда тоже перекрыли автотрассу, соединяющую Марыйский велаят с остальной частью страны. Они требовали обеспечение мукой и другими основными продуктами.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: