Menu

Устатын шакирти жазбай тартканбы?

Бөлүшүү:

«Устатынан шакирти өтөт» деген кеп бар. Бирок бул сапар тескерисинче. Дегеним, Социалдык фонддун учурдагы төрагасы Теңизбек Абжапаров өзүнүн чабал жетекчи экендигин көргөзүүдө. Биринчи вице-премьер-министр болуп олтурган Муханбеткалый Абулгазиевдин шакирти. Мукең деле өз учурунда эт менен челдин ортосунда эле чайналып жүрчү. Ошол эски оорусу өтүшүп кеткен окшойт, биринчи вице-премьер-министр болсо деле илең-салаң. Ал эми шакирти аман эле болсун. Өзү тейлеп аткан тармактын көйгөйүн түзүктөп түшүндүрүп бере албай дабдырайт. «Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» абалыбыздан качан арылабыз? Устат-шакирт элдин эртеңи үчүн кичине аракеттерин жумшап коюшса боло…

Булак: Де-Факто 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: