Menu

Видео – АКШнын Чалгындоо комитети Орусиянын шайлоого кийлигишкенине ишенет

Бөлүшүү:

АКШ Сенатынын Чалгын комитети былтыр өткөн президенттик шайлоодо Орусиянын таасири болгон деген америкалык чалгындоо коомчулугунун бүтүмдөрүнө ишенет. Бул тууралуу комитеттин төрагасы Ричард Бёрр билдирди.

Анын айтымында, иликтөө уланууда. Комитетте Дональд Трамптын команда мүчөлөрү менен орусиялык чиновниктер ортосундагы байланышты аныктоо иштери жүрүүдө. Ричард Бёрр отурумдардын биринде Google, Twitter жана Facebook интернет-корпорацияларына сөз берилерин кошумчалады.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү иликтенүүдө. Январда АКШнын чалгындоо коомчулугу Орусия президенти Владимир Путин АКШдагы шайлоо кампаниясына кийлигишип, Дональд Трампка жардам берүү үчүн хакердик чабуул жасоо тапшырмасын берген деген бүтүмгө келген.

Августтун башында атайын прокурор Роберт Мюллер “орусия изин” иликтөөгө сот кеңешчилеринин ири коллегиясын чакырган. Москва АКШнын президентин шайлоого тиешеси жоктугун белгилеп келет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: