Menu

Арменияда экс-президент Кочарян соттолууда

Бөлүшүү:

Арменияда 13-майда конституциялык түзүмдү кулатууга аракет жасоого айыпталган мурдагы президенти Роберт Кочаряндын соту башталат.

Армениянын экинчи президенти, 64 жаштагы Роберт Кочарян 1998-2008-жылдары өлкөнү башкарган. Ал «2008-жылы конституциялык түзүлүштү кулатууга аракеттенген» деген айып менен камакта отурат.

2008-жылдын февралында президенттик шайлоодо Серж Саргсян жеңишке жеткен соң Арменияда жапырт нааразылык акциялары башталган. Ошол кездеги президент Кочарян өзгөчө кырдаал режимин киргизип, демонстрацияны таратууга армия да тартылган. Акция учурунда эки демонстрант жана эки полиция кызматкери өлгөн.

Экс-президент 2018-жылы 28-июлда камакка алынып, көп өтпөй бошотулган. 7-декабрда кайра камалган. Ал айыптоолорду четке кагып, азыркы премьер-министр Никол Пашинян саясий жактан «өч алууда» деп айткан.

«1-март иши» иши көп убакыт иликтенген эмес, 2018-жылы бийликке Никол Пашинян келгенден кийин кайра жанданган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: