Menu

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу муктаждарга даректүү түрдө жетпей келүүдө

Бөлүшүү:

Анткени, калктын дээрлик 60%ы тиешелүү документи же  бир жерде каттоосунун жоктугунан улам жөлөк пул албай келишет. Бул тууралуу  тиешелүү жумушчу топтун мамлекеттик жөлөк пулдар мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселелерди угуу учурунда айтылды.  Алсак, Төраганын орун басары Аида Касымалиева бүгүн, 13-майда Бишкек шаарындагы “Ак-Бата”, “Ак-Жар” конуштарына барып, жөлөк пул маселесине байланыштуу элдин пикирин укту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми эл өкүлү менен чогуу барган эмгек жана  социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров документ чогултуу милдети  министрликке жүктөлүп, жакын арада электрондук негизде аткарылаарына токтолду. Бирок, ошол эле учурда бардык көйгөйлөр алардын гана министрликтин карамагында гана чечилбестигин дагы эскертип өттү.

Белгилүү болгондой эгерде үй-бүлөнүн кирешеси  ар бир адамга эсептегенде 900 жүз сомдон ашса, анда алар жөлөк пул ала албайт.

Бул маселе боюнча Ош жана Чүй облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында бир нече жолугушуу өткөргөнүн айткан Төраганын орун басары Аида Касымалиева мыйзамдардын аткарышы боюнча элдин пикирин угуу аркылуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү сунуштоо анын башкы максаты экенин билдирди. Мындай жолугушуулар  жакында Нарын менен Ысык-Көл облустарында да уюштуруларын кошумчалады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: