Menu

Кечээ “балашка”, бүгүн “жөжө”, эртең эмне “жалпак жөжөбү”?

Бөлүшүү:

Бийлик деген адамды “явно” бузат экен. Ыраматылык Ишенбай Абдуразаков айткандай, кыргыз Ак үй, Көк үйдө иштеп калса эле акылдуу адамдай кекирейип, мурдубуз менен булут челип калабыз. “Сыныктан башканын баары жугуштуу”. Ажобуз ачууланып, оюн түз айткан депутат Жанар Акаевди “балашка” деп фракциядан чыгарып ташташты эле, мына эми – ажо болом деген экс өкмөт башчыбыз өзүнөн жаш Бабановду телетаймашта “жөжө” деп таштады. Досунан жукту да.

“Балашкалар” аман болсо мурдунун суусун тартып, балакатка жетип кыр муруту кылайып, кыны жок кылыч байланып жигит болуп, кыз жандайт. Анан акыл азуусу чыгып “аташка” болот, дос-жолдош күтүп, тың чыкмалары айыл башкарар. Илимдүү-билимдүүлөрү эл башкараар.

“Жөжөлөр” деле ошондой. Алгач жердеги мышыктан, асмандагы айры куйруктан аман чоңоюп алса, үнү кырылдап окшошпосо да корозчо кыйкырымыш этет. Кыйкырып бүтүп-бүтө элегинде уялгансып, башын катып чукап жөнөйт. Анан канаты катып, текөөрү чыгып, бала корооздор менен тебишип баштайт. Амалы күчтүү түлкүлөрдүн азуусуна илинбей чоңоюп алса, тепкенде текөөрү, чокуганда тумшугу бети-башыңды канаткан чоң корооз болот да калат. “Балашкаларды”, “жөжөлөрдү” чоңойтпой, же жалпак жөжө кылып таштайлыбы?

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: