Menu

Сапар Исаков ушул жылдын 9 айындагы бюджеттин аткарылышы тууралуу жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 4-октябрда, ушул жылдын 9 айындагы бюджеттин аткарылышы тууралуу жумушчу жыйын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты билдирет.

Жыйында финансы министринин орун басары Алмаз Бакетаев, Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов жана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов 2017-жылдын январь-сентябрь айларында респбуликалык бюджетке 97 857,3 млн. сом каражат түшүп, бул 102,2 % түзгөнүн билдиришти.

2016-жылдын ушул маалына салыштырмалуу ресурстар 11,6% өсүп, 10 142,6 млн. сомго жеткен.

Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 85 346,0 млн. сом же 102,7% болду. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 14 756,8 млн. сомго жогору.

Салык кызматы боюнча 40 578,6 млн. сом каражат түшүп, план 98,7% аткарылган. Бажы кызматы боюнча 24 303,0 млн. сом түшүп, план 101,0% жетти.

Өкмөт башчы Сапар Исаков министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринен октябрь айына карата бюджеттин пландалган бөлүгүн өз убагында аткарууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: