Menu

Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына учуп кетти

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 13-августта, Евразия экономикалык биримдигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына учуп кетти. Жыйын эртен, 14-августта, Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтөт. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

ЕврАзЭС Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жумушчу жолугушууларды өткөрөт.

ЕврАзЭС Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында күн тартибиндеги негизги багыттарды ишке ашырууга карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктар жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттер арасында пенсиялык камсыздоо боюнча Келишимдин долбоору тууралуу маселелер талкууланат.

Мындан сырткары ЕАЭБ жалпы электроэнергетикалык соода аянтчасынын алкагында борбордук уюмду уюштуруу маселеси,  бул рынокту түптөө үчүн иш чараларды каржылоо, 2018-2020-жылдарга ЕврАзЭС  өлкөлөрүнүн транспорт саясатына багытталган (“жол картасын”) пландарды ишке ашыруу боюнча маселелер каралат.

Ошондой эле ЕврАзЭС Бажы келишимдерине ылайык, мамлекеттин ички процедураларын өткөрүүнү кароо, бажы товарларын  декларациялоо, отчетторго мониторинг жүргүзүү, Казакстандын дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондугуна байланыштуу келип чыккан маселелерди кароо, 2016-жылы  биримдикке мүчө мамлекеттер ортосундагы киргизилген бажы төлөмдөрүнүн бюджети тууралуу маселелер талкууланат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов, Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршебиев, Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигиндеги өкүлү Санжар Үмөталиев, Премьер-министрдин кеңешчиси Нурсулу Ахметова, Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова жана экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: