Menu

Фото – Адахан Мадумаров: “Биздин биригүүбүздү уккан айрым саясий күчтөр уйкусуз калып, эмне кылаарын билбей жаткан кездери”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-августтун кечинде төртиликтин өлкөнүн түштүгүнө сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында эл менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда айтылган негизги ойлорду жана сөздөрдү төмөндөгү текстте сунуштайбыз:

Бакыт Төрөбаев: “Иш-сапарыбыздын үчүнчү жолугушуусу Жалал-Абад шаарынын “Барпы” драмтеатрынын залында болуп өттү. Жалал-Абаддык активдүү тарапташтарыбыз биздин биригүүнү кубануу менен кабыл алышты, себеби үч партиябыздын мүчөлөрү бул жышаанды көптөн бери каалап, чын жүрөктөн күтүп келишкен”
Адахан Мадумаров:-“Биздин биригүүбүздү уккан айрым саясий күчтөр уйкусуз калып, эмне кылаарын билбей жаткан кездери. Биздин биригүүбүздүн негизги себеби-келечегибиз жана максатыбыз бир. Үч партия жоюлуп, алардын ордуна бир партия түзүлөт. Төртөөбүз келишимдерге кол койдук, жакынкы келечекте арабыздан бир гана талапкер чыгаарын биз макулдаштык. Азыр башка саясатчылар жана партиялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, катарыбызга жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга даярбыз”.

Ахматбек Келдибеков:-“Эгемендикти алганыбызга 25 жыл болуптур, бул аралыкта 4-5 ирээт мамлекетти башкаруу моделдерин алмаштырып келиптирбиз. Президенттик, парламенттик да башкаруу болду, бирок Мекенибиздин абалы ошо бойдон калды, эч өзгөрүү жок. Төртөөбүздүн оюбуз бир, жүрөгүбүз бир болгондуктан биригүүгө чечим кабыл алдык.Биз алты айдан бери сүйлөшүү жүргүзүп отуруп, бир арага келип, акыры чын ниетибиз менен макулдашууга кол койдук.Үч партия бул күндөн баштап жер-жерлерде бир штаб катары топтолуп, бирдиктүү команда катары иштемекчи”.

Камчыбек Ташиев:-” Урматтуу туугандар, биз бир чечимге келип, Үч партияны бириктирдик. Бул чечимди биз кокустан эле эмес, бир нече айлар сүйлөшүүлөр, кеңешмелерден соң кабыл алынды.
Биз элибиздин турмушун оңойлу деген максатта биригип жатабыз. Биз Кыргызстанда ар бир адамыбызды унутпастан, ынтымакка жана достукка чакырып, биримдикти туу тутсак биз өнүгөбүз”.

Бакыт Төрөбаев:-“Бул биригүү менен элибиздин арасында бир үмүт пайда болду.Биз азыр абдан күчтүү болдук. Суубуз, жерибиз жана мазарыбыз бир – ошондуктан, урматтуу мекендештер, бөлүнбөйлү. Биздин мамлекетибиздин келечеги сиздердин колуңузда. Биргеликте гана биз балдарыбыздын келечектеги жаркын жашоосун түптөй алабыз. Бизди алдыда чоң жеңиш күтүп турат. Бул жолугушуу менен түштүк жергесине болгон иш-сапарыбыз бүтүп, алдыда бүткүл өлкөбүздүн аймактарына барууга максат коюлду”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: