Бишкек шаарынын аймагында туура эмес которулган же “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын сактабаган көрнөк-жарнактар боюнча коомчулуктун нааразычылыгы күч. Аталган мыйзамдын 27-беренесинде:
“Кыргыз Республикасында жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат.
Башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого тийиш.” –деп так, даана белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия сүрөттө көрсөтүлгөн көрнөк-жарнактар боюнча КР Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине атайын кайрылуу жолдоду.
Ошондой эле, мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында жакынкы күндөрдө жарнама жасоочу ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу уюштуруу мерчемделүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ