Menu

Экс-депутат Чолпон Жакупова экс-премьер Сариевге: “Темир Аргенбаевич, ачык эле моюнга албайлыбы, шайлоонун жыйынтыктарын бурмалап коюп жатышат!”

Бөлүшүү:

«Кийинки президенттин жарык маңдай образын жаратуунун  алдында биз алгач бир эң эле жөнөкөй суроого жооп берип албайлыбы? Бүгүн өлкөдө калыптанган шайлоо системасынын учурунда биз өз каалаган адамыбызды президент  кылып шайлай алабызбы? Жок! Мүмкүн эмес!”, – деп билдирди КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Чолпон Жакупова кечээ, 4-февралда Темир Сариевди президенттик шайлоого аттанткан “Ак шумкар” партиясынын республикалык конференциясында чыгып сүйлөп.

“Акыркы, болуп өткөн референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо мага, өлкөнүн катардагы жаранына муну ачык-айкын, даана түшүндүрдү. Акыркы референдумдун жыйынтыктары көрсөткөндөй буга баш оорутуп отуруунун деле кереги жок экен, БШКнын шайлоо жыйынтыктарын эсептечү Борбордук серверин ким көзөмөлдөсө, ал каалагандай жыйынтыкты жасап коё берет экен. Мен сиздин эң берилген тарапкериңиз болор элем, бирок маселе – канткенде биз өз каалаган кишибизди шайлайбыз? Жыйынтыктардын баарын бурмалап коюп жатышпайбы! Темир Аргенбаевич, ачык эле моюнубузга албайлыбы, баарын бурмалап коюп жатышат! Урматтуу «Ак шумкар» партиясынын мүчөлөрү! Силер ушул эң башкы көйгөйдү, тобокелчиликти, тоскоолдуктарды кандай жол менен айланып өткөнү жатасыздар? Ушул түйүндү кантип чечесиздер?  Мен силердин бүгүнкү талкууңардан, программаңардан муну көрө алганым жок. Чынын айтканда бул эң чоң жана эң башкы көйгөй. Ар бир талапкер шайлоодогу үгүт иштери үчүн эле 300 миллион сомго чейин акча сарптайт экен. Эгер баары бир бийлик өзү каалагандай жыйынтык жасап коё тургандан кийин мынча чыгым сарптоонун зарылдыгы барбы? Бул акчаны жөн эле талаага чачып жиберген менен барабар болуп жатпайбы! Баары бир жыйынтыкты бурмалап коюшат! Муну акыркы референдум менен шайлоо так, даана, ачык көрсөтү. Бул биричиден. Ал эми экинчиден, «Ак шумкар» партиясы мураскер маселесине кандай карайт? Азыр баары эле президенттин «мураскер операциясы» тууралу айтып жатышат. Эгер ушундай болсо анда президентти эл шайлабайт турбайбы! Президентти дайындашат экен! Кийинки президентти дайындай турган дайындоочулардын эң негизгиси Алмаз Шаршенович болсо анда бизге кыйын эле болуп калды.

Булак:  Кyrgyztoday.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: